1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү

Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган.



1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДкекаршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат.

 Республикалык СПИД борбору кабарлагандай Кыргызстанда 2016-жылдын 1-ноябрына ылайык ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 6983 түзгөн.Алардын ичинен Кыргызстандын жарандары 6617. 2016-жылдын 10 айлык жыйынтыгынын негизинде ВИЧ инфекциясын жуктургандар 591 түзгөн. Маалыматка ылайык аялдар 250,эркектер 341.Жыныстык жол аркылуу инфекцияны жуктурган жарандардын саны проценттик көрсөткүч менен 56,6%,кан аркылуу 24,4%,энеден балага 2,1% жана белгисиз жол менен жуктургандар 16,6%.Бул борбор тарабынан өткөрүлгөн текшерүүгө 25915 жаран катышкан.Алардын ичинен 50 жаран инфекцияны жуктургандыгы тастыкталган.

Азыр медицинада ВИЧ инфекциясынын үч жол менен жугаары белгилүү.Алар:кан аркылуу,жыныстык жол менен,энеден балага. Кыргызстанда акыркы жылдары жыныстык жол аркылуу инфекцияны жуктургандардын саны көбөйгөн.Алардын көпчүлүгү 20-39 жаш курагындагы жарандар.ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адам менен бир бөлмөдө жашоо,бирдей идиш-аяк колдонуу,чогуу бассейнге түшүү,саламдашуу,кучакташуу таптакыр коркунучтуу эмес.

 

Жазган:Байкулов Эржан


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться