Главная > Новости "Медиа Манас" > 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү
1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү2 декабря, 16:39. Разместил: sharizat |
1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДкекаршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат. Республикалык СПИД борбору кабарлагандай Кыргызстанда 2016-жылдын 1-ноябрына ылайык ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 6983 түзгөн.Алардын ичинен Кыргызстандын жарандары 6617. 2016-жылдын 10 айлык жыйынтыгынын негизинде ВИЧ инфекциясын жуктургандар 591 түзгөн. Маалыматка ылайык аялдар 250,эркектер 341.Жыныстык жол аркылуу инфекцияны жуктурган жарандардын саны проценттик көрсөткүч менен 56,6%,кан аркылуу 24,4%,энеден балага 2,1% жана белгисиз жол менен жуктургандар 16,6%.Бул борбор тарабынан өткөрүлгөн текшерүүгө 25915 жаран катышкан.Алардын ичинен 50 жаран инфекцияны жуктургандыгы тастыкталган. Азыр медицинада ВИЧ инфекциясынын үч жол менен жугаары белгилүү.Алар:кан аркылуу,жыныстык жол менен,энеден балага. Кыргызстанда акыркы жылдары жыныстык жол аркылуу инфекцияны жуктургандардын саны көбөйгөн.Алардын көпчүлүгү 20-39 жаш курагындагы жарандар.ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адам менен бир бөлмөдө жашоо,бирдей идиш-аяк колдонуу,чогуу бассейнге түшүү,саламдашуу,кучакташуу таптакыр коркунучтуу эмес.
Жазган:Байкулов Эржан Вернуться назад |