Улуттук банк маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк маалымдайт

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эсептик чендин өлчөмүн 6 пайыздан 5,5 пайызга төмөндөтүү чечими кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады 



Улуттук банк Башкармасы 2016-жылдын 28-ноябрында эсептик чен өлчөмүн 50 базистик пунктка, 6 пайыздан 5,5 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрында, пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.   

Акча-кредит саясатынын максаты үчүн кыйла көрсөткүчтүү болуп саналган «Кумтөр» ишканаларындагы өндүрүш боюнча алынган маалыматтарды эске албаганда, экономиканын айкын өсүшү жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча 3,3 пайыз деңгээлинде калыптанган. Ичтен керектөөнүн калыбына келип жаткандыгы да байкалууда. Улуттук банктын баасы боюнча бул факторлор келечекте инфляциянын калыптанышына да таасирин тийгизет.

Толкунбек Абдыгуловдун сөзүнө караганда, экономикабыздын абалы жакшылануу тарабына өзгөрүүдө. 2016-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨ (ички дүң өнүмү) 2,7 пайызга көбөйгөн. “Кумтөрдү” эске албаганда экономиканын өсүшү 3,3 пайызды түзгөн. Ички керектөө калыбына келүүсү байкалууда. “Эскертип кетсем, буга чейин Улуттук банк өлкөбүздүн экономикасын колдоо үчүн  эсептик ченди март айында 10 пайыздан 8 пайызга чейин, ал эми май айында 8 пайыздан 6 пайызга чейин төмөндөткөн. Бул чечимдер экономиканын өсүшүнө түрткү бере турчу чараларга колдоо көрсөтүүдө” – деп Улуттук банктын төрагасы белгилеп кетти.

Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, жыл акырында инфляция нөлгө жакын мааниде күтүлүүдө жана жакынкы айларда басаңдатылган инфляциялык чөйрө сакталып турат. Баа ыргагы боюнча болжолдоолорду эске алуу менен Улуттук банк Башкармасы эсептик чен өлчөмүн төмөндөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Өлкөнүн борбордук банкы мындан ары да, тышкы таасирлер орун албаган шартта өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү акча-кредит саясатын ишке ашырууга ниеттенүүдө.

 

 

 

Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться