Үркүндүн 100 жылдыгына карата » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Үркүндүн 100 жылдыгына карата

«Кантсин эл!..» аттуу поэтикалык тилде жазылган пьесанын автору Элмира Төлөкова “Ракурс” уктуруусунун студиядагы коногу болду.



Элмира Төлөкова – акын, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар бирлигинин мүчөсү, Кыргыз-Түрк Манас университетинин Чет тилдер бөлүмүнүн Кыргыз тили координатору, «КРнын билим берүү отличниги» төш белгисинин жана КРнын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси.

“Ракурс” уктуруусунун жүрүшүндө «Кантсин эл!..» аттуу поэтикалык тилде жазылган пьесанын автору Элмира Төлөкова угармандарга чыгарма кандайча жаралганын кызыктуу кылып айтып берди. Пьесанын урунттуу жерлеринен угармандарыбызга окуп берип радиомаектин  жүрүшүндө автор аталган чыгарма жакында сахналаштырылганы турганын жаңылык катары белгиледи. Тактап айтканда, 2016-жылдын ноябрь-декабрь айларында «Кантсин эл!..» спектакли Нарын областык Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театры тарабынан сахналаштырылып, КТРКда коюу маселеси учурда каралууда.

Каалоочулар төмөндө “Ракурс” уктуруусунун коногу болгон «Кантсин эл!..» аттуу поэтикалык тилде жазылган пьесанын автору Элмира Төлөкова менен радиомаекти уга аласыздар. Ошондой эле «Кантсин эл!..» аттуу поэтикалык тилде жазылган пьеса менен жалпыга маалымдоо каражаттарынан таанышам деген досторубузга шилтемелерди сунуштайбыз.

  1. «Кантсин эл!..» (Поэтикалык тилде жазылган пьеса). Үркүндүн 100 жылдыгына карата. Бишкек: “Кутбилим” гезити / 8-июль, 2016-жыл. 10-11-бет, (уландысы кийинки санда).
  2. «Кантсин эл!..» (Поэтикалык тилде жазылган пьеса). Үркүндүн 100 жылдыгына карата. Бишкек: “Кутбилим” гезити / 15-июль, 2016-жыл. 11-бет.; http://kutbilim.journalist.kg/
  3. Үркүн 100: акын Элмира Төлөкова COM
  4. «Кантсин эл!..» поэмасынан үзүндү. Азаттык үналгысы / Аудио. Азаттыктын сандыгы. Үркүн-100. 22-февраль, 2016-жыл.
  5. Кантсин эл!.. (Поэтикалык тилде жазылган пьеса) erkintoo.kg / Маданият. 26 – Октябрь, 2016.
  6. Кантсин эл!.. (Поэтикалык тилде жазылган пьеса) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жакын арада басылып чыга турган Үркүнгө байланыштуу чыгармалар жыйнагына да кирди.
  7. Ушул жылдын аягына чейин (2016-жылдын ноябрь-декабрь айларында) «Кантсин эл!..» спектакли Нарын областык Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театры тарабынан сахналаштырылып, КТРКда коюу маселеси учурда каралууда.
Үркүндүн 100 жылдыгына карата Үркүндүн 100 жылдыгына карата Үркүндүн 100 жылдыгына карата Үркүндүн 100 жылдыгына карата Үркүндүн 100 жылдыгына карата

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться