Главная > Новости "Медиа Манас" > Үркүндүн 100 жылдыгына карата
Үркүндүн 100 жылдыгына карата14 ноября, 16:49. Разместил: aynagul |
Элмира Төлөкова – акын, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар бирлигинин мүчөсү, Кыргыз-Түрк Манас университетинин Чет тилдер бөлүмүнүн Кыргыз тили координатору, «КРнын билим берүү отличниги» төш белгисинин жана КРнын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси. “Ракурс” уктуруусунун жүрүшүндө «Кантсин эл!..» аттуу поэтикалык тилде жазылган пьесанын автору Элмира Төлөкова угармандарга чыгарма кандайча жаралганын кызыктуу кылып айтып берди. Пьесанын урунттуу жерлеринен угармандарыбызга окуп берип радиомаектин жүрүшүндө автор аталган чыгарма жакында сахналаштырылганы турганын жаңылык катары белгиледи. Тактап айтканда, 2016-жылдын ноябрь-декабрь айларында «Кантсин эл!..» спектакли Нарын областык Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театры тарабынан сахналаштырылып, КТРКда коюу маселеси учурда каралууда. Каалоочулар төмөндө “Ракурс” уктуруусунун коногу болгон «Кантсин эл!..» аттуу поэтикалык тилде жазылган пьесанын автору Элмира Төлөкова менен радиомаекти уга аласыздар. Ошондой эле «Кантсин эл!..» аттуу поэтикалык тилде жазылган пьеса менен жалпыга маалымдоо каражаттарынан таанышам деген досторубузга шилтемелерди сунуштайбыз.
Вернуться назад |