ӨКМнин 112кызматы: жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ӨКМнин 112кызматы: жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борборунун нөөмөттүк башкаруу кызматынын жетекчи орун басары Руслан  Рашидинов « Манас» радиосунун «Ракурс» уктуруусунун  студиядагы коногу болду. 



ӨКМнин 112кызматы: жакынкы күндөрү кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт.

Аномалдуу жылуу аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 4-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

 

4-5-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөшү күтүлөт: 4-ноябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 1…6° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт. 5-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3… -8° суук, күндүз 3…8° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 5…10° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться