Главная > Новости "Медиа Манас" > ӨКМнин 112кызматы: жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт

ӨКМнин 112кызматы: жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт


3 ноября, 14:25. Разместил: aynagul

ӨКМнин 112кызматы: жакынкы күндөрү кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт.

Аномалдуу жылуу аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 4-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

 

4-5-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөшү күтүлөт: 4-ноябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 1…6° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт. 5-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3… -8° суук, күндүз 3…8° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 5…10° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.


Вернуться назад