Информация о радио » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

РАДИО-ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ МҮДҮРЛҮГҮ

(MEDIAMANAS)

 

Кыргыз-Түрк "Манас” университети алдыңкы технологиялар менен жабдылган радио жана телекөрсөтүү студияларына ээ. Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн командасы Кыргызстан жана Түркиянын эң абройлуу медиа ишканаларында иштеген жана тажрыйбалуу адистерден түзүлгөн:

· Док. Бүлент Намал, радио-телекөрсөтүү мүдүрү;

· Шаризат Ибраева, программа авторлору жана алып баруучу;

- Жылдызбек Турсунбаев, программа авторлору жана алып баруучу;

· Айнагүл Мукамбетова, диктор;

· Алишер Ибрагимов, режиссер;

· Ярослав Калиновский, оператор;

· Мустафа Өзтүрк, техник;

· Элфесия Сенжер, дизайнер.

 

Орто Азиядагы алгачкы жана түз ободогу жалгыз студенттик Манас радиосу өзүнүн берүүлөрүн 1999-жылы интернет аркылуу , ал эми 2000-жылы спутниктик жыштык аркылуу түз обого чыгара баштаган. Бишкек жана анын айланасындагы жакын аймактарды камтыган студенттик радио, учурда берүүлөрүн эл аралык деңгээлде чыгарууга даяр.

 

Студенттик радио катары таанылган "Манас"та энергиялуу жана чыгармачыл жаштар эмгектенет. "Манас" радиосунда "Манас” университетинин жана башка жогорку окуу жайлардын студенттери гана тажрыйба топтобостон, ар кандай тармактарда аты элге таанылган академиялык кызматкерлер, илимпоздор, артисттер, ишкерлер ж.б. өз программаларын даярдашат.

 

"Манас" Түркияда өткөрүлүүчү ар кандай фестивалдарга, жарманкелерге, форумдарга жана башка иш чараларга кыргызстандык ырчылардын катышуусуна өбөлгө түзүп, кыргыз ьмузыка дүйнөсүнө түрк музыкасын, түрк музыка дүйнөсүнө кыргыз музыкасынын маданиятын таанытып, Кыргызстанда да маданий иш-чараларды уюштуруп же ушундай иш-чараларды уюштурган ишканаларга жана уюмдарга колдоо көрсөтүү менен Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий көпүрө катары таанылып келет.

 

"Манас" Кыргызстандагы белгилүү жаш ырчылардын чыгармачылыкка болгон баштапкы кадамдарында колдоо көрсөткөнү үчүн, учурда алардын сый-урматына ээ болуп жана бирдиктүү ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүп келет.

 

"Манас" социалдык кампанияларды да колдоп, БУУнун жана бакша эл аралык уюмдардын социалдык кампанияларын да шериктеш болуп келүүдө.

Радио Орто Азиядагы радиолор менен да жакындан иштешип, чогуу бир нече долбоорду иш жүзүнө ашырып келет.

 

Акыркы үч жыл аралыгында тез темпте өнүккөн Кыргыз-Түрк "Манас” университети менен биргеликте 2012-жылы Орто Азиянын алдыңкы технологиялар менен жабдылган телестудиясы курулду. Бул студия менен Кыргызстанга алдыңкы технологиялар менен жабдылган түз эфирде байланыш түзүлдү.

 

Учурда телестудияда жергиликтүү жана эл аралык телеканалдар менен биргеликте орток программалар даярдалууда. Алгачкы түз алып берүү ТРТ Аваз телеканалы аркылуу жасалып, жергиликтүү телеканалдар жана белгилүү продюсердик студиялары тарабынан орток программалар тартылууда. Университеттин телестудиясы Кыргызстанда гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн телеканалдары менен да иштешүүнү пландоодо.

 

Университеттик радио жана телестудияларында даярдалган иштердин башкы максаттары:

· Эфирге чыгууга кызыккан студенттерге чыныгы студияларда эфирдик технологияларды колдонууну үйрөтүү, кесиптик билим жана тажрыйба алышына мүмкүнчүлүк түзүп берүү;

· Университеттин аброю жана миссиясы үчүн кызмат өтөө.

· Университеттин өткөргөн иш-чаралары тууралуу коомчулукка маалым кылуу;

· Түркиянын жана бул аймактардагы өлкөлөрдүн ортосундагы мамилерди бекемдөө жана өнүктүрүү

· Түрк дүйнөсүнүн тилдерин өнүктүрүү.

Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться