Анара Токтосунова, дизайнер: “Максатыбыз кыргыздын баалуулуктарын жоготпой, элге кеңири жайылтуу” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Анара Токтосунова, дизайнер: “Максатыбыз кыргыздын баалуулуктарын жоготпой, элге кеңири жайылтуу”



Ар бир улут каада-салт, үрп-адаттары, дини, тили менен гана айырмаланбай улуттук кийимдери менен да өзгөчөлөнөт эмеспи. Ал эми аларды унутта калтырбай, эскисин жаңыртып элге кеңири жайылтуу камылгасын көрүп келе жаткан дизайнер, тикмечи Анара Токтосунова менен маек курдук.
-Саламатсызбы? Кош келдиңиз! Алгач эле “Долон Стилдин” кызматтары жана максаттары тууралуу айтып берсеңиз?
-Саламатчылык! “Долон Стилдин” өз ишин баштаганына төрт жылдын жүзү болду. Биздин негизги максатыбыз кыргыздын улуттук кийимдерин жаңылап тигип, буйрутма берген кардарлардын каалоосуна жараша кийим даярдап, алардын талабын канааттандыруу. Ошондой эле ата-бабаларыбыздан калган кыргыздын баалуулуктарын жоготпой, элге кеңири жайылтуу болуп эсептелинет. Бизде келген кардардын суроо-талабына ылайык кийимдерди моделдөө, тигүү жана тойго кийүүчү кийимдерди жасалгалоо кызматтары көрсөтүлөт.
- “Долон Стиль” деп аталып калышынын себеби эмнеде?
-Нарын облусуна караштуу Долон ашуусунун атынан коюлган. Себеби, ата-энебиз аба-ырайын текшерип Долондун кырында жашагандыктан биздин бала чагыбыз ошол жакта өткөн. Долон ашуусуна келгенде баарыбызга таандык өзгөчө жагымдуу сезимдер болот. Долон деген өзү эле ашуу, бийиктик дегенди түшүндүрөт эмеспи. Ошондой көп бийиктиктерге жетели деген аруу тилек менен “Долон Стиль” деп атоону туура көрдүк.
-Көз жоосун алган кыргыз кийимдерин буйрутма аркылуу гана даярдайсыздарбы же өзүңүздөр да тигип сунуштайсыздарбы?
-Кийимдерди буйрутма менен дагы тигебиз, андан тышкары Бишкектин дал ортосунда жайгашкан “Долон Стиль” аталышындагы фирмалык дүкөнүбүз бар. Каалоочулар ал жерден дагы алып кетет. Буйрутмаларды 3 күндөн 10 күнгө чейин даярдап беребиз. Баасы кымбат эмес, кардарлардын капчыгына туура келгидей арзан баада тигилет.
-Кайсы белгилүү инсандар сиздердин кызматтан пайдаланат?
-Дээрлик биздин кардарлар белгилүү адамдар десек болот. Анткени маданият жаатында эмгек кылган көпчүлүк өнөр адамдары биздин кийимдерди кийишет. Белгилүүлөрдөн Салима Балтаева, Гүлзат Байзакова, Гүлбү Орозкул кызы, Нуриза Абазова, Жайнагүл Калчаева, Ширин Сарыгулова, Роза Шакирова, Азиза Алдиева, Элзар Өскөнбаева, Мээрим Карыпова сыяктуу ырчыларыбыз көйнөк, чапандарды тиктиришет. Ошондой эле жаңы чыгып келе жаткан ырчылардын дагы кийимдерин тигүүдөбүз.
- Чет өлкөлүк жарандардан да буйрутмалар түшөбү?
-Чет мамлекеттерден Москвадан, Америкадан буйрутмалар түшөт. Азыркы учурда Россиядагы дүкөндөрдүн биринде кийимдерибиз сатылууда. Ал эми Бишкекте дүкөнүбүз борбордун так ортосунда жайгашкандыктан туристтер көп келет, алар абдан жактырып, баалашат.
- Учурда кыргыз кийимдерин даярдаган көп тикмечилер чыгууда. Сиздердин тиккен кийимдер башкалардан эмнеси менен айырмаланат?
-Бизде чыккан продукциянын 80 пайызы накта кездемеден тургандыктан кардарларыбыз абдан көп. Биздин өзгөчөлүк ата-бабаларыбыздан калган туш кийиздерди пайдаланабыз, эски оймо-чиймелерди жаңылаганга аракет кылабыз. Бизден чыгып жаткан кийимдерди бир көргөн адам “Долон Стилдин” кийими экен деп айырмалай баштады.
-Бир көйнөктү даярдоого канча убакыт сарпталат?
-Көйнөктү тигүү кийимдин фасонунан, кездемеден айрым учурда кардардын мүнөзүнөн да көз каранды болуп калат. Буйрутмалар көп болсо 2 күндөн 10-15 күнгө чейин, ал эми аз санда жана тез убакытта бүткөрүү керек болсо 2 күндө бүтүрүп беребиз.
- Кийимдердин баасы канча сомдон башталат?
- Баасы кийимдин фасонунан, кездеменин сапатынан көзкаранды болот. Эгерде кийимдин фасону татаал, жумушу көп боло турган болсо кымбат болот. Арзаны 1000 сомдон башталса, кымбаттары 20000 миңге чейин.
- “Долон Стилдин” алдыда кандай пландары бар?
-Кийим көргөзмөсүн уюштурсак деген чоң планыбыз бар. Аны менен катар жаңы коллекцияларыбызды чыгаралы деп турабыз. “Долон Стиль” дүкөнүнүн иштегенине 2 ай болуп калды. Бирок расмий түрдө ачылышы боло элек, буюрса дүкөндүн ачылышы менен бирге жаңы кол эмгектерибизди элге тартууласак деп даярдануудабыз.
-Маек бергениңизге ыраазычылык, иштериңизге ийгилик каалайбыз!
-Рахмат! Сиздерге дагы ийгилик.

 

                                                                                     Даярдаган: Адинай Курманова

Анара Токтосунова, дизайнер: “Максатыбыз кыргыздын баалуулуктарын жоготпой, элге кеңири жайылтуу” Анара Токтосунова, дизайнер: “Максатыбыз кыргыздын баалуулуктарын жоготпой, элге кеңири жайылтуу” Анара Токтосунова, дизайнер: “Максатыбыз кыргыздын баалуулуктарын жоготпой, элге кеңири жайылтуу”
Пользователь с логином adinay не найден.

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться