"Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр.

Газпром-Кыргызстан ЖЧК нан Бишкекте жашаган жеке кардарларга карызды жоюуда жеңилдик. Мына ушундай аталыш менен 29-август күнү Акипресс маалымат агенттигинде жыйын болуп өттү.Аталган акциянын алкагында эгерде Бишкекте жашаган жеке газ колдонуучу адамдар табийгый газга болгон негизги карызын төлөгөн болсо Газпром-Кыргызстан ишканасы өз убагында төлөнбөгөн карыздан келип чыккан туумду 100%кечип коюуга даяр.



Акцияны өткөрүү убактысы 1 октябрдан тартып 30 ноябрга чейин уланат жана мындай демилгеден мурда кандайдыр бир себептер мурда өчүрүлүп калган жеке кардарлар да пайдаланып өз үйлөрүндө көгүлтүр оттун учкунун жандыра алышат. 

Газпром -Кыргызстан ишканасынын БишкекГаз филиалынын директорунун милдетин аткаруусу Манас Акматбековдун билдиргенине караганда республика боюнча бүгүнкү күнгө  жеке кардарлардын карызы 31 млн. 48 миңди түзөт. Ал эми белгиленген карыздардан келип чыккан туумдун көлөмү Бишкек боюнча 7 млн. сомго жеткен. 

Акциянын негизги максаты Газпром-Кыргызстан ишканасына кардарларды кайрадан кайтаруу болуп саналат. Өз сөзүндө Манас Акматбеков 15-октябрдан тарта Бишкекте жылытуу системасы ишке кирээрин, газ менен үйүн жылыткан тургундар туумдун коркуп олтура бербей ишкана тарабынан уюштурулуп жаткан чакырыкка маани берүүсүн айтып кетти. 

Бул жаатта кенен маалымат алам деген Бишкек шаарынын газ колдонуучу тургундарына төмөнкү дарек менен телефондорду белгилей кетебиз: 

 

Бишкек шаары, Горький көч. 22

Байланыш тел.:0312 53 01 21, 0312 53 01 22, 0312 48 62 48

 

Видеого шилтеме: Акция

Кабарчы: Жылдызбек Турсунбаев.

Видеооператор: Алишер Ибрагимов.

©МедиаМанас,2016.

"Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр. "Газпром Кыргызстан" ишканасы көгүлтүр отко болгон негизги карызын төлөгөн Бишкектеги жеке кардарлардын туумдарын кечүүгө даяр.

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться