1-класстын окуучунун ата-энелерине кеңеш » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

1-класстын окуучунун ата-энелерине кеңеш



1.    6-7 жаштагы балдар үчүн жаңыдан мектеп босогосун аттоо чындыгында эң бактылуу, эсте калган учурлардан. А бирок абдан жооптуу, татаал жана стресске кабылткан учур. Ошондуктан 1-класска барган балдарды кошумча ийримдерге жаздырып, эки эсе чарчатуудан абайлаңыз. Жаш балдар ашыкча жоопкерчиликке чыдай албай кыйналат. Алгачкы жылы бала үчүн сабактарынан жетишүүсү, мектептеги ийгиликтери 1-орунда туруш керек.
2.    Балаңыз музыка же спорт менен сөзсүз машыгуусу керек десеңиз балаңызды 1-класска баргыча алып барыңыз, же 2-класска баргандан баштап алып барыңыз.
3.    Тапшырма даярдоодо баланы 10-15 мүнөттөн кийин улам эс алдырып, физикалык көнүгүүлөрдү жасатып, көңүлүн көтөргөнгө, тажатпаганга аракет кылыңыз.
4.    Балаңыз сиз каалагандай, же сиздей болот деп аябай үмүт кылбаңыз. Ал Сиз болуш керек эмес, өзү менен өзү болуусуна, жеке адам катары калыптануусуна шарт түзүңүз. Жеке инсан катары өз ысымын таанытып, өз жолун түзүүсү абдан маанилүү.
5.   Үй бүлөлүк проблемалардан улам баланы дагы психологиялык азапка салбаңыз. Жеке таарынычтарыңыздын таасири балага тийбеш керек. Стресске эрте кабылган бала сабагынан тез эле начарлап кетээрин эске түйүңүз. Жасаган мамилеңизге , төккөн мээримиңизге, берген тарбияңызга жараша балаңыздан кийин жооп аларыңызды унутпаңыз.
6.   Басмырлабаңыз, кемсинтпеңиз, жаман сөздөрдү керели кечке айтпаңыз! Болгондо дагы досторунун, теңтуштарынынын, башка бирөөлөрдүн жанында басынтып жаман сөз айтуу, катуу урушуу баланы абдан ыңгайсыз абалга калтырат. Баланын өзүнө баа берүүсү төмөн болуп калышы толук ыктымал.
7.    Башка бирөөнүн дагы баласын жакшы көрө билиңиз. Сиздин балаңызга башкалар жаман мамиле кылбасын десеңиз, башкалардын баласына дагы өз балаңыздай мамиле кылыңыз.
8.    Таланттуу же анча таланттуу эмес болсун, ийгиликтүү же ийгиликтүү эмес болсун, балаңыз кандай болсо ошол бойдон жакшы көрүңүз. Күн сайын балаңыз менен мектеп тууралуу сүйлөшүп туруңуз. “Мектепте эмне жакты, эмнени үйрөндүң, ким менен ойнодуң?”-деген сыяктуу суроолорду берип, мектептеги абалы менен кабардар болуп туруңуз. Кечке эле: “Канча деген баа алдың? Ким сени урушту?”- деген негатив суроолор менен тажатпаңыз.
9.    Баланы мактап, көтөрмөлөп туруу зарыл. Кечке эле : “Азаматсың! Менин балам акылдуу!”- дей бербеш керек. “Сен бүгүн эрте турдуң азамат! Кооз жазыпсың. Китеп, дептериңди сонун кылып жыйнапсың. Сүрөттү укмуш тартыпсың.”,- деген сыяктуу алкоолорду айтып, ар түрдүү темада баарлашып баланы кызыктырыңыз. Өзүн жакшы алып жүрсө да, жаман алып жүрсө дагы, балаңызды жакшы көрөөрүңүздү көбүрөөк айтыңыз.Мен сени абдан жакшы көрөм, бирок бүгүн сен тартиптүү болбой жатасың, тоскоол болуудасың,сындырдың, төктүң,кыйкыруудасың ж.б., ошондуктан жазаланасың деп түшүндүрүңүз.
10.    Мектепке жаңы барган балдарга өз убагында эрте жатып, эрте туруу керектигин жакшылап түшүндүрүү зарыл. Балдар алгач ал эрежеге көнбөй кыйналышат. Эрте менен эрте жана маанайы ачык туруусу үчүн сүйүктүү тамактарын жасап берип, ашкананы көркөмдөп, жагымдуу атмосфера түзүүгө умтулуңуз.Балдардын табитин ача турган, көңүлүн көтөрчү рецепттерди үйрөнүңүз.Ашканадагы жыпар жыт, өзгөчө жасалгаланган дасторкон балаңызды эрте турууга сөзсуз үйрөтөт. Себеби апам бүгүн эмне даярдады деп эрте турууга ашыгат.

 

 

Кундуз Авашова.


Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться