Бир жумага аштизме (меню) » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бир жумага аштизме (меню)



Бүгүн мен кантип оңой жана тез аштизме (меню) түзүү жолун үйрөтүп, тажрыйбам менен бөлүшөм. Себеби жумушка, балдарга, ашканага кантип жетишесиз деп суроо берген кыз-келиндер абдан көп. Төмөндөгү кеңештер биздин кыргыз ашканасына таанымал, көпчүлүк үчүн таанымал тамактар эске алынды. Албетте азыр  заманга, ден соолукка, табитке жараша каалаган тамактын түрүн жасап же таап жесек болот.


Алдын ала 1 жумага же 2 жумага аштизме түзүп пландап алуу сизге көп пайдасын тийгизет. Себеби убактыңызды абдан үнөмдөйсүз. Жумуштан бара жатып бүгүн эмне жасайм деп баш катырбайсыз. Үйгө келээриңиз менен тамакты жасоого киришесиз дагы, өз убагында тамактанып, кечкисин эс алып сейилдөөгө, телевизор көрүүгө, китеп же гезит окууга убакыт артат. 1 жумага өз алдынча аштизме түзүү көп деле кыйынчылыкка турбайт.

 

Алгач сизге жаккан тамактардын тизмесин түзүңуз, аны 6 күнгө бөлүңүз, 7-күндү бош калтырып коюңуз (бирок мен 7-күнгө дагы жазып койдум, себеби тажрыйбасы аз же жаш кожойкелерге колдоо болсун дедим). Себеби муздаткычта сөзсүз артып калган азык-тулүктөр болот. Аларды бириктирип, фантазияңызга жараша бир тамак жасайсыз.  Же болбосо кээде конокко же тойго барып, үйдө тамак жасабай калабыз. Аштизме даяр болгон соң, үйүңүзгө жакын супермаркетке же базарга барып 1 жумалык азык-тулүктү алып келип, муздаткычка салып коюңуз. Эгер жардамчыларыңыз бар болсо полуфабрикаттарды чогуу жасап, тоңдургучка салып, алдын ала камдап койсоңуз дагы  абдан ынгайлуу болот. Мисалы: эттен фарш, фарштан котлет жасап, этти ынгайына жараша бөлүп, маринаддап тоңдургучка салып коюңуз. Жардамчыларыңыз көп болуп калган күнү колдо чүчбара, манты түйүп, аны дагы тоңдургучка салып коюңуз. Өз колуңуз менен жасаган тамактар баары бир абдан даамдуу болуп, үй бүлөңүздү кубандыраарын, үйдөгү ынтымакты жана куттуу сактаарын унутпаңыз. Анткени ашкана үйдөгү эң куттуу жер!  


. Таңкы тамакка жеңил тамактарды даярдаңыздар ботко (каша), шорпо же шашканда бутерброд, кайнатылган жумуртка. Албетте сыр, быштак, сүт менен хлопья дагы шашканда тез тоюндурчу жана мыкты кошумча тамактар.
. Тушкү тамакка эң калориялуу, күчтүүрөөк тамактарды даярдаңыздар. Негизи эртең мененки жана түшкү тамактарды көбүрөөк жегенге үйрөнүү зарыл. Себеби организмге кубатуулук берет, күн бою басып-туруп, жумуш кылып аны аш кылуу оной болот.
. Кечки тамакты болсо орточо калориялуу, жеңилирээк жеш керек. Канчалык күчтүү тамак көп жесек, ошончолук аны сиңирүү жана уктоо дагы кыйын болот. Кечкисин сууну көп ичсеңиз эртеси шишип калаарыңызды унутпаңыз.
. Күндө бир жолу жашылчалардан шорпо ичкен пайдалуу.
. Күндө бир жолу эт менен (уйдун, тооктун, балыктын этинен) тамак даярдоо зарыл. Этти азыраак жеш үчүн, аны фасоль, жүгөрү сыяктуу азыктар менен алмаштырсаңыздар болот. 
. Күндүзү белок, углевод, жашылча азыктары керектелет.
. Чоң адамдын күндүзгү тамагы 2000 ккалориядан ашпоосу зарыл.
. Бир күндө окшош гарнир ( күрүч, картошка, макарон) жана окшош азыктардан турган тамактарды даярдоо дагы туура эмес. Адамдын табитин качырат жана тажатат.


Туура айкалышуу үчүн эт тамактарына углеводдуу гарнир кошуп, андан соң жашылчалардан салат, нан кошуу керек. Албетте ден соолукка карап кара нан тандасаңыз туура. Негизги тамакты салат, же  десерт менен толуктайбыз, жер-жемиш, йогурт, ар түркүн ширелер, компот, сок кошуу керек. Ашканада иштөө кызыктуу болуусу үчүн улам фантазиялап, көркөмдөп өзгөртүп турабыз. Ал үчүн атайы ашкана китептерин сатып алып үйрөнүңуз. Бош убактыңыз болгондо интернеттен каалаган тамактын түрүн жасап үйрөнсөңуз дагы болот. 


Төмөндө 1 жумага жетчү болжолдуу аштизме түздүм. Албетте 1 күндө табитке же шартка жараша ар ким ар кандай тамактанат. Эмесе, ар бир кожойкеге албан ийгилик каалайм! Ашканаңыздар ырыскыга жайнап турсун!


Болжолдуу аштизме:


Күнү  /       Эрте менен /                    Түштө /                          Кечинде


Дүйшөмбү - Сүттүү күрүч ботко / Борщ + Балык + гарнир /              Палоо + салат.


Бейшемби - Омлет / Тоок шорпо + Спагетти /   Оромо (картошка, же жүсай, же быштак менен).


Шаршемби - Жумуртка + сосиска / Мастава + Манты (эт, ашкабак, картошка же жусай менен) / Дымдама.

 

Шейшемби - Овсянка боткосу / Куурдак+ жашылча салат /                 Балык шорпо + самсы же кекс.


Жума - Блинчик + сүт менен хлопья / Кесме + Мештеги тоок /             Рагу (уйдун же тооктун эти + картошка).


Ишемби - Бутерброд + быштак / Чечевица шорпосу + Голубцы /           Французча эт же Бризоль.


Жекшемби - Ашкабак кошулган сүттүү ботко / Бешбармак + аксерке /    Пирог же пицца.

 

 

Кундуз Авашова.


Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться