Кофе боордун цирроз дартын алдын алат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кофе боордун цирроз дартын алдын алат

 Изилдөөлөргө ылайык күн сайын эки стакан кофе ичүү цирроздун алдын алат.



Жаңы изилдөөлөр кофенин боорго болгон пайдаларын аныктады. Изилдөөлөргө ылайык күн сайын эки стакан кофе ичүү цирроздун алдын алат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак күн сайын эки стакан кофе ичүү менен аракечтиктен улам күч алган цирроз дартын 43% азайтат.
Цирроздун өөрчүп кеткен стадиясы боордун жок болуп кетүүсүн шарттайт. Статистикалык маалыматтарга караганда 1980-2010- жылдар арасы 675 миңден 1 миллонго чейинки сандагы адам өмүрү цирроз оорусунан улам кыйылган.
Цирроз оорусу ашыкча семиздиктен жана өнөкөт аракечтик сыяктуу бир нече факторлодун негизинде пайда болот. Мисал келтирилген бул эки учурда дагы боордогу коллаген сымал жип сыяктуу тутумдаштыргыч ткандарга сигнал берилип дени сак клеткалардын ордуна тырык ткандарды пайда кылат.
Жакынкы келечекте ашыкча семирүү эң негизги себеби болуп калаары байкалса дагы азыркы учурда цирроздун таралган себептеринин бири алкоголь болуп эсептелет.
Мындан мурдагы жасалган изилдөөлөрдө кофенин негизин түзгөн кофеиндин боордун терс функцияларына жана клеткалардын ортосундагы жипчелүү бириктирүүчү кыртыштын көбөйүүсүнө каршы коргоочу таасирлери бар экени аныкталганы менен бул маалыматтын тегерегинде кеңири изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.
Жарыяланган 9 изилдөөлөрдү пайдаланып жана кофе менен цирроздун арасындагы байланышты алып чыккан жаңы изилдөөлөрдү Alimantary Pharmacology and Therapeutics да жарыяланды.
Изилденген маалымат боюнча: күнүнө бир стакан кофе ичүү цирроздун 22% алдын алат. Күн сайын эки стакан кофе ичүү менен цирроздун 43% жеңсе болот. Ал эми күнүнө үч стакан кофе ичүү менен 57% жана төрт стакан кофе цирроздун 65% чейин алдын алуу жана азайтуу мүмкүн.
Изилдөөлөр канчалык ар тараптуу жана кең көрүнсө дагы айрым такталбаган мүчүлүштүктөр бар. Изилдөөчүлөрдүн айтымында кофе цирроздун алкоголго байланышкан түрүнө гана тиешелүү жана гепатит, семирүү жана диабет циррозуна эч байланышы жок. Өзгөчө изилдөөдө кофенин түрлөүнүн (майдаланган, даяр, кайнатылган сыяктуу) бардыгы бирдей таасир берээри же бербестиги боюнча дагы так жана ачык бир маалымат жарыялана элек.

Азиза Сулайманкулова


Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться