Эңилчектер жана алардын чарбалык колдонулушу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эңилчектер жана алардын чарбалык колдонулушу

Эңилчектер булар өз алдынча организм эмес, алар морфологиялык жана физиологиялык бир бүтүн катары козу карындар менен балырлардын биригишинен түзүлгөн, өздөрүнө мүнөздүү түзүлүшкө ээ симбиотикалык бирдиктүү организмдер. 

Эңилчектер уюлдардан тропиктикке, суунун ташкындуу зоналарынан тоо чокуларына чейин, топурактан таштарга жана кабыктарга, сөөктөрдүн, айнектердин, жада калса тирүү курт-кумурскалар, таш бакалар сыяктуу жаныбарлардын ар кандай бетинде кездешишет.



        "ТЕМА" телекөрсөтүүсү бул сапар өз чыгарылышын биология тармагына арнады. Студиянын коногу катары КТМУнун профессору, биология илиминин PhD доктору, Эл аралык илимий журналдарда 150 дөн ашык макалалары жарыяланган илимпоз Али Аслан ботаникалык өзгөчө бир кубулуш болгон эңилчектер тууралуу баяндап берди. 

         Көрсөтүүнүн жүрүшүндө Али агай: 

- Эңилчектер деген эмне?

- Эңилчектер кайсы тармактарда кеңири колдонулат?

- Эңилчектердин тамак-аш катары колдонулушу кандай?

- Эңилчектердин медицинадагы орду кандай?

- Эңилчектердин уулуу түрлөрү кайсылар?

- Кыргызстандагы эңилчектер жана аларды изилдөө иштери кандай? деген суроолорго кыска жана маанилүү жооп берип теле көрүүчүлөрдү кызыктыра алды. Программаны кыргыз тилине Али Асландын магистранты Гүлсия Бараталиева которуп берди. 

         Программанын толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

         МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Эңилчектер жана алардын чарбалык колдонулушу Эңилчектер жана алардын чарбалык колдонулушу Эңилчектер жана алардын чарбалык колдонулушу Эңилчектер жана алардын чарбалык колдонулушу Эңилчектер жана алардын чарбалык колдонулушу Эңилчектер жана алардын чарбалык колдонулушу Эңилчектер жана алардын чарбалык колдонулушу

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться