Ден – соолукта жашоонун алтын эрежелери » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ден – соолукта жашоонун алтын эрежелери

Салмагыңызды сактап калуунун ордуна таттуудан жана ундан жасалган азыктардан баш тартыңыз. Каалаган нерсеңизди жей бериңиз бирок бир аз болсо да кыймыл – аракет керек.



Салмагыңызды сактап калуунун ордуна таттуудан жана ундан жасалган азыктардан баш тартыңыз. Каалаган нерсеңизди жей бериңиз бирок бир аз болсо да кыймыл – аракет керек.

Медицина илимдеринин доктору Ахмет Расим Күчүкуста адам ден – соолукта болушу үчүн идеалдуу болуп эсептелген дененин массалык индексинин биз үчүн реалдуу эмес екендигин билдирет. Адамдарга ден – соолукта болушу үчүн сөссүз түрдө “3 килограмм арыкташың керек” же “дененин массалык индексин 27ден 25ке түшүрүшүң керек” деген кыйноонун зыяндан башка пайдасы жок. Адам туура тамактанса, активдүү кыймыл арекетте болсо жана тамеки чегип, арак ичпесе 50 килограммбы же 100 килограммбы эч кандай айырмасы жок. Ден – соолукта жашоонун 12 эрежеси бар. Бул эрежелерди сактагандар канча салмакта болсо да ден – соолугу чың болушат.

Ден – соолукта жашоонун 12 алтын эрежеси.

Кант жана ундан жасалган азыктардан баш тартыңыз.

Күн сайын жер – жемиш жеп туруңуз. Бирок көп өлчөмдө эмес.

Жер – жемиштерди жана жашылча салаттарын жегенди унутпаңыз.

Жумасына 1 же 2 жолу табигый таза балык жегенди адатка айлантыңыз.

Фермада өстүрүлбөгөн, жайытта оттогон же тооканада багылган мал – жандыктардын продукциясын (сүт,айран, май, жумуртка,эт) пайдаланыңыз.

Суюктуктун да жетиштүү болушу керек. Зааранын ачык сары түстө болушу организмдеги суюктуктун жетиштүү экендигинен кабар берет.

Дастарконуңузда каймак майы жана оливка майы болсун. Маргарин сыяктуу майларды колдонбоңуз.

Мүмкүн болушунча чийки азыктарды жеңиз. Эгерде бышыра турган болсоңуз кайнатыңыз же бууга бышырыңыз.

Майга кууруудан же отко кактоодон алыс болуңуз.

Күндө 2 жолу тамак ичиңиз. Кээде 1 ууч фундук, жаңгак, фисташка   жеңиз.

Күнүгө 10 000 кадам басыңыз же 1 саат чарчабай тургандай түз жолдо басыңыз.

Тамеки чекпеңиз жана арак ичпеңиз.

Дененин  массалык индекси деген эмне?

Организмиңиздеги майдын өлчөмүн билүү үчүн башкача айтканда дененин массалык индексин эсептөө үчүн салмагыңыздын өлчөмүн  боюңуздун узундугуна бөлүңүз. Мисалы : 80 килограмм болсоңуз жана боюңуз 1.60 болсо, 160 тын квадраты(1.60×1.60) 2.56 болот. 80 ди 2.56 га бөлгөндө чыккан сумма 31.25 дененин массалык индексин көргөзөт. Бул индекс боюнча сумма 18,5 менен 25 ортосунда болсо нормалдуу, 25 менен 30дун ортосунда болсо ашыкча салмак, 30 – 40 тын ортосунда болсо целлюлит, 40 болсо өтө ашыкча целлюлит болуп эсептелет.


Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться