Тытылган евролор » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Тытылган евролор

Германиянын Вавера Волдкрайбург аймагында жашаган 89 жаштагы аял уурулардан кооптонуп, майдалап тытып, катып койгон



Германиянын Вавера Волдкрайбург аймагында жашаган 89 жаштагы аял уурулардан кооптонуп, майдалап тытып, катып койгон 18 миң 500 еврону Гессе башкаруу сотунун чечими менен Европанын борбордук банкынан кайтарып алды.

Германиянын Вавера Волдкрайбург аймагында жашаган улгайган аялдын адвокаттары кардарынын банкнотторду айрып жатканда аң сезими ордунда болбогондугун айтып, бул ишке баргандыгынын себебин түшүндүрүп отуруунун кажети жок экендигин билдиришкен. Аял 500 евролук 37 даана банкнотту тытып майдалап, желим баштыкка салып, муздаткычтын түбүндө сактаган. Европа борбордук банкынын карамагында мындай учурда акчаларды кайтарып берүү шарттары каралган эмес. Бирок аялдын небереси банктын мыйзамдарын четке кагып, эмне үчүн акчаны кайтарып бербей тургандыктарынын себебин түшүндүрүп берүүсүн талап кылган.

Европа борбордук банкынын жактоочулары банкнот жарактан чыккан учурда акчанын 50 % ынан ашыгы кайтарылып берилиши керек экендигин билдиришти. Мындай учурларда колдонулуучу, инвестициянын эсебинен аялдын акчасы кайтарылып берилди.

Борбордук банктын айтуусуна караганда жарактан чыккан акчаларды кайтарып берүү үчүн 2015 – жылы 30 миңден ашуун кайрылуулар болгон. Жыйынтыгында 44 млн евро кайра кайтарылып берилген.


Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться