Мээни машыктыруу үчүн китеп окуңуз » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мээни машыктыруу үчүн китеп окуңуз

Мээни машыктыруу үчүн китеп окуңуз



Техниканын өнүгүшү менен китептердин ордун аудио китептер, смартфондор, интернет сайттар ээледи. Коомубузда китеп окугандардын саны бир топ эле азайды. 

     Жаштардын көбү азыр интернетте отурат. Бирок китеп өзүнүн актуалдуулугун жоготту деп айтуудан алысмын. Соода борборлорунда китеп саткан дүкөндөрдө китеп сүйүүлөрүн көп экенин байкаса болот. 

    Китеп окуунун адам баласына тийгизген таасири чоң. Биринчиден, адамдын тез ой-жүгүртүүсүнө, терең ойлонуусуна, сөз байлыгынын кеңейишине, стресстен, жаман ойлордон арылтат. Адам китеп окуп жатканда, аң-сезими менен сүрөт тартат. Бул учурда мээбиз активдүү иштеп турат. 

     Экинчиден, реалдуу жашоодон чыгып, китеп дүйнөсүнө саякатка чыга алабыз. Кыялданабыз. Жашообуздагы көйгөйлөрдөн убактылуу болсо дагы алыстап, жашооңузга жаңы көз караш менен карап каласыз. 

     Китеп баракчаларына катылган сезимдер сизди эмоционалдуу болууга, каарман менен кошо кайгыртып, кубантып, камкордукка үйрөтөт.

   Китеп окуу тууралуу кызыктуу фактылар:

Напалеон Бонапарт 1 мүнөттө 2000 сөз окуган.

Бальзак жарым сааттын ичинде 200 бет окуй алган.

Максим Горький 1 мүнөттө 4000 миң сөз окуган.

Н. А. Рубакин 250 миң китеп окуган.

Окурмандардын көбү 18-бетке келгенде китепке болгон кызыгуусу жоголот.

Китеп окуу сизди картаюуудан сактайт. Мээ картайганда, адамдын организми да тез картаят. Окуу мээнин дайыма активдүү иштешин талап кылгандыктан, организм да картайбайт.

 

Жазган: Каныкей Каныметова


Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться