Скрипка -сүйлөгөндө » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Скрипка -сүйлөгөндө

"Автопортрет" уктуруусунда  Каныш  Нурди конокто болду.



08.10.19 "Автопортрет" уктуруусунда колунан скрипкасын түшүрбөгөн сулуу айым  Каныш Нурди конокто болду.  Бала чагынан эле  музыка дүйнөсүнө сүңгүп кирип ансыз жашоосун элестете албаган коногубуз: "Апам жакшы ырдайт. Апамдын ырдаганын угуп отуруп пианинодо ойногонду үйрөнүп алгам. Бир жолу кичинекей кезимде  апам экөөбүз концертке барганбыз. Ал жактан скрипкада ойногон музыканттарды көрүп, мен да скрипкада ойнойм деп чечкем,"-деп билдирди коногубуз. 

  Каныш Нурди эфирдин жүрүшүндө угармандардын суранычы боюнча бир нече ирет жандуу музыка тартуулады. "Скрипка жана комуз менен дуэт жаздыруунун үстүнөн иштеп жаткан учурубуз. Буйруса жакында күбө болосуздар,"-деп жакынкы пландары менен бөлүштү. 

   Белгилей кетсек, Каныш Нурди скрипкада белгилүү чыгармалардын каверлерин аткаруу менен жаштар арасында күндөн күнгө популярдуулугу артууда.

 

Маектешкен: Жоомарт Шайдылдаев, Шайыр Бакытбекова


Загрузка плеера...


Скрипка -сүйлөгөндө Скрипка -сүйлөгөндө Скрипка -сүйлөгөндө Скрипка -сүйлөгөндө

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться