КТМУ да абитуриенттерге гранттык орундар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУ да абитуриенттерге гранттык орундар

Абиртуриент-2019 деген аталыш менен азыркы тапта Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары эшигин ачкан убак. Арийне өз келчектерин туура тандоону каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү жанына ата энелерин алып жалпы республикалык тестирлөөдөн топтогон упайлары менен билим уяларынына баш багып жаткандары дагы бышык.

Кыргыз-Түрк Манас университети дагы КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бөлүнгөн квотанын негизинде 119 орун ачып абитуриенттерди талон менен кабыл алуунун 1 турун баштады. 

Аталган багытта терең маалымат алалы деп "Жаңы күн" радиодолбоорунун бул жолку чыгарылышына конок катары Кыргыз-Түрк Манас университетинин гранттык комиссиясынын жооптуу катчысы Чынара Жумабаеваны чакырганбыз. 



Эфирдин жүрүшүндө жооптуу адисибиз:

- ЖРТ сартификаттары аркылуу Манас университетине канча студент алынаарын,

- талон категорияларын,

- каралган жеңилдиктерди,

- 1-тур 8-июль күнү башталып  10-июль күнү саат 14.00 до бүтөөрүн,

- бардыгы автоматташтырылган системанын негизинде упайлардын ачык көрсөтүлүп жатканын айтып берди.  

 

Бөлүм тандоодо туура мамиле кылып бала өзү каалаган гана бөлүмгө өтүшү керектигин өзгөчө белгиледи. 

 

КТМУнун ЖРТ аркылуу өтүп жаткан сынагы тууралуу маалымат алгысы келгендер: exams.manas.edu.kg дарегине кире алышат. 

Ал эми ташталган талондордун жарышы менен ort.manas.edu.kg баракчасы аркылуу тааныша алышат. 

Сурап билүү телефондору: 0312 49-27-65 

 

кененирээк маалымат төмөнкү шилтемеде берилген:


Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться