Дале » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Дале

30/04/2019 "Автопортрет" уктуруусунда жакында эле чыккан "Дале" ырынын аткаруучулары Зарлык Камбаралиев жана Сырга Сагынбекова конокто болушту. 



Меймандарыбыз менен балалык кезинен баштап бүгүнкү күнгө чейинки жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу маек курдук. Жандуу үн менен эфирдин көркүн ачкан ырчылар угармандардын түрдүү суроолоруна жооп беришти.

Гитара жана фортепианинодо кол ойноткон Зарлык Камбаралиев "Чогуу ырдайлы деген сунуш Сырга тараптан болгон.Мен сунушуна дароо макул болдум.Ошентип дуэт ырдап калдык" деп билдирди.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш ырчыларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Белгилей кетсек "Дале" аттуу чыгарманын сөзү жана обону Зарлык Камбаралиевге таандык. 

 

 Маектешкен: Жоомарт Шайдылдаев

 Шайыр Бакытбекова

  жазган: Нурбакыт Казыбеков

 


Загрузка плеера...


Дале Дале Дале

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться