Ош шаары- Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ош шаары- Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору

“Ракурс” уктуруусунун коногу КР маданият маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева “Ош-Түрк элдеринин маданий борбору” эл аралык салтанаты 19-апрелден башталаарын айтты.



“Ош-Түрк элдеринин маданий борбору” эл аралык салтанатынын расмий ачылышына 20-апрелде Ош шаарында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышат.

 

“Ракурс” уктуруусунун коногу КР маданият маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева “Ош-Түрк элдеринин маданий борбору” эл аралык салтанаты 19-апрелде "Коркут-Ата" спектаклин көрсөтүү менен башталаарын айтты.

 

2019-жыл Ош шаары -Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары Турксой уюму тарабынан  жарыяланган.

Кыргызстандын Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жаткан биринчи учур.

Маалыматка ылайык, “Ош-Түрк элдеринин маданий борбору” эл аралык салтанаты 19-апрелден башталат. Негизги бөлүгү 20-апрелде болот. Ал күнү майрамдык сүмөлөк, мэрдин расмий конокторду кабыл алуусу, “Түрк дүйнөсүнүн этно маданият” фестивалы, «Элдик каада- салттар», «Этно музыка», «Этно мода» иш-чаралары болот. ОшМУнун башкы корпусунда илимий-практикалык конференция өтөт. “Алымбек датка” этнографиялык борборунда “Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо” аталышындагы эл аралык маданий иш-чарасынан кийин Түрк элдеринин “Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү” болот. Жүрүш расмий коноктордун жана шаар тургундарынын катышуусунда “Алымбек датка” этнографиялык борборунан А. Сүйүмбаев стадионуна чейин уланат. Кечинде борбордук А. Сүйүмбаев стадионунда салтанаттын расмий ачылыш аземи КРнын Президентинин катышуусу менен өтөт.

Салтанатка карата мэрдин демилгеси менен борбордук стадион, “Алымбек датка” этнографиялык борборунда оңдоо иштери жүрдү.Борбордук көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруу системалары жаңыланды.

КР маданият маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева конок болгон “Ракурс” уктуруусуно төмөндө толугу менен ортоктош боло аласы:


Загрузка плеера...


Ош шаары- Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору Ош шаары- Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору Ош шаары- Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору Ош шаары- Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться