Адинай Бердалиева: " Шаризат эжеге терең ыраазымын" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Адинай Бердалиева: " Шаризат эжеге терең ыраазымын"

 "2-этаж" программасынын бул жолку коногу Адинай Бердалиева болду



16.03.2019.  Ал "Манас" радиосунда 2012-2015-жылдар аралыгында "Антидепрессант" программасынын алып баруучусу болуп иштеген.  

"Мен радиого кастинг аркылуу келгем. Радиодо көп деле кыйынчылык тарткан жокмун. Кичинекей кезимден бери кыялданып жүргөнүм үчүн оңой эле көнүп кеткем. Ал учурдагы сезимдеримди азыр жеткирип бере албайм. Эң сонун күндөрдү өткөргөнбүз.  Барынан эсимде калганы эфир учурунда Асылбек (Бактыбеков) менен Эрмектин (Темирбек уулу) тамашаларынын айынан көп ыйлачумун. Анткени эрке кыз болчумун. Алар менен азыркыга чейин сүйлөшүп, бат-баттан жолугуп турабыз.  Ошондой эле мен Шаризат эжеге терең ыраазылыгымды билдирем. Анын берген кеңештери азыр дагы эсимден кетпейт жана ар дайым пайдасы тийип келет. Шаризат эже радио жаатындагы менин биринчи жана акыркы устатым. Эгер силер дагы Шаризат эженин айтканынан чыкпасаңар, жаман жолго барбайсынар", - деди Адинай Бердалиева.

 Гүлдөй буралган Адинай Бердалиевага келип бергени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Иштериңизге ийгилик каалайбыз! 

"2-этаж" программасынын алып баруучулары: Альбина Эсентурова, Адина Капарбекова, Гулиза Абдибек кызы.

 

Жазган: Адина Капарбекова

 

Адинай Бердалиева: " Шаризат эжеге терең ыраазымын" Адинай Бердалиева: " Шаризат эжеге терең ыраазымын"

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться