“Манаста Quizz” интеллектуалдык оюну » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манаста Quizz” интеллектуалдык оюну

     5-декабрь күнү Манас ФМде “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун экинчи айлампасы башталды.



Экинчи айдын биринчи оюнунда Көркөм өнөр факультетинен Казыбек уулу Нурбакыт жана Туризм факультетинен Алимов Сыймык аттуу студенттер катышып,өздөрүнүн интеллектуалдык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

     Оюн Казакстан туурасында болуп,жыйынтыгында Нурбакыт мырза 35 упай топтой алды,ал эми Сыймык мырза 45 упай менен “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүсү деп табылды.

      Ага утурлай эле,12-декабрда “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун экинчи оюну өткөрүлүп, анда Журналистика бөлүмүнүн студенти Кубаныч кызы Акчолпон жана Радио, телевидение, кино бөлүмүнүн студенти Аэлита Максатбекова ат салышты. Оюнчуларга Тажикстан өлкөсү тууралуу суроолор берилди.

  Оюндун жыйынтыгында, Акчолпон айым 40 упайды өз куржунуна топтой алса, Аэлита айым 50 упай менен жеңүүчү аталып, финалга жолдомо алды.

Белгилей кетсек,“Манаста Quizz” интеллектуалдык оюну ар жуманын шаршемби күндөрү уюштурулууда.Ага КТМУнун баардык бөлүмдөрүнөн студенттер катыша алышат.

                                                                   

                                                                          Даярдаган: студент Акымбаев Алтынбек

“Манаста Quizz” интеллектуалдык оюну “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюну

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться