14-декабрь күнү “Autodrive” рубрикасынын алгачкы коногу Буларкиев Нургазы болду. Ал КТМУнун «Автомобилдик транспортту техникалык тейлөө жана оңдоо» бөлүмүнүн 1-курсунда билим алып жаткан чагы.
Технология жаатында көптөгөн ийгиликтерге жеткен Нургазы:“Учурда мото-скутерден картинг жасап жатам. Окуу жылынын аягында чакан автоунаам жасалып бүтөт”,-деген ойлору менен бөлүштү.
Келечекте автозавод ачууну пландаган Нургазы автоунаага кантип кам көрүү керектиги тууралуу да айтып берди.
Белгилей кетсек, “Autodrive” рубрикасы автоунаалар тууралуу маалымат берип,иш күндөрү саат 17:00-18:00 арасы эфирге чыгат.
Даярдаган:Алмазбекова Айжан