4.12.2018 “Жаңы-күн” программасынын коногу жеке ырчы Сырга Сагынбекова болду.
КТМУ Көркөм өнөр факультетинин бүтүрүүчүсү, “Түрк дүйнөсү” оркестринин солисти Сырга: “Менин каалоом, бала кыялым, Кыргызстанда заманбап, жабыктары менен коцерттик зал курулса, жандуу үнүбүз музыка сүйүүчүлөрүнө жетсе.”-деген пикири менен бөлүштү. Магистратурада окуп жаткандыгын белгилеген Сырга, келечекте фокал мугалими болгусу келгендигин кошумчалады.
Аталган маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз.