“Ага-ини” рэпперлер тобу бизде конокто » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Ага-ини” рэпперлер тобу бизде конокто

Мирлан жана Эмирлан Асанбековдор “Манас Радиосунда” конок болуп кетишти.



Кыргызча рэптин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан “Ага-ини” тобунун солисттери Мирлан жана Эмирлан Асанбековдор “Манас Радиосунда” конок болуп кетишти. Рэппер бир туугандар шоу-бизнес дүйнөсүндө Эмир жана Кайбар деген каймана аттар менен таанымал.

Ага-ини “Манас Радиосунун” угармандары үчүн “Бийле”, “Биздин мекен” аттуу чыгармаларын жандуу аткарып беришти. Ошондой эле, угармандардын суроолору боюнча бири-биринин 3 жакшы, 3 жаман сапаттары тууралу жана мекептеги биринчи мугалими жөнүндө рэп окуп беришти.

Ырларында тарбиялык маанини берүүгө аракет кылган жаш рэпперлердин куржунунда 40 тан ашуун ыр бар. Алардын ичинен бир канчасын фильмдерде саундтрэк катары уга алабыз.

Жакында жаш рэпперлердин жаңы ырынын бет ачаары күтүлүүдө.

Жазган : Арген Надыркулов

“Ага-ини” рэпперлер тобу бизде конокто “Ага-ини” рэпперлер тобу бизде конокто “Ага-ини” рэпперлер тобу бизде конокто

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться