Бишкекте дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бишкекте дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди

Бүткүл Дүйнөлүк Жоолук күнүнө карата өткөн иш-чара“Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулган.



Бүткүл Дүйнөлүк Жоолук күнүнө карата өткөн иш-чара“Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулган. Жыйындын ачылышында “Умма” журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатаровага сөз берилди. Ал өз сөзүндө бул иш-чара 3-ирет өткөрүлүп жаткандыгын айтты. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү 2014- жылдан тарта белгилене баштаган. Жыйын коомдогу активдүү айымдардан пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар, мехенди, викториналар жана конкурстар менен коштолду. Алгач эле Кыргызстандын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева куттуктоолорун билдирди. Ал өз сөзүндө аялзаты жалаң гана үй тиричилиги менен отуруп калбастан, коомго активдүү аралашып, өз таланттарын жашырбай ийгиликке жете алаарын баса белгилеп өттү.

 Андан соң “Ажар стайл” сулуулук салонунун адиси Венера Акеленовадан жоолук салынуу боюнча мастер класс өткөрүлдү. Бул жөрөлгөлөр коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, ар башка кесиптин ээлерин, ошондой эле ар башка улуттагы айымдарды бириктирип,өз ара пикир алышууларына шарт түзүп бере алды.

Бишкекте дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди Бишкекте дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди Бишкекте дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди Бишкекте дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди Бишкекте дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться