Манас үчилтиги түрк тилине которулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Манас үчилтиги түрк тилине которулду

Жыйынтыкталып бараткан 2017-ыйман, адеп жана маданият жылына карата жана улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине карата Манас үчилтиги түрк тилине которулуп жарыяланды. Үчилтиктин бет ачар аземи Кыргыз-Түрк Манас университетинин Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасында жаңы ачылган Маданият борборунда болуп өттү. 



            Иш чарага негизинен, Манас изилдөөчүлөр, Манас таанучулар, фольклор жыйноочулар, маданият өкүлдөрү, академик-окумуштуулар, КРнын Президентинин аппараты, өкмөт мүчөлөрү ж.б. чакырылган. Бет ачар аземдин башталышы боордош Түркия жана Кыргызстандын мамлекеттик гимни салтанаттуу жаңыруу менен башталды. Андан соң Кыргыз-Түрк Манас университетинин кыскача таанытуу тасмасы коноктордун назарына сунулду. 

            Кечени КТМУнун ректору проф. докт. Себахаттин Балжы ачып берди. Кийинки сөз КРнын Президентинин этника, дин саясаты жана граждандык коомчулук менен өз ара аракетешүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаевага ыйгарылды. Мира Карыбаева жыл жыйынтыкталып баратканда маданият тармагында алгылыктуу жасалган иштердин бири катары которулган үчилтикти баса белгилеп кетти. 

            КТМУнун биринчи проректору проф. докт. Асылбек Кулмурзаев иш чарадагы өз сөзүндө болсо Манастын атын алып жүргөн окуу жай катары Манас үчилтигинин котормосунун бет ачаары ал жетектеген университетте болуп жатканына сыймыктанганын баса белгиледи. 

            Ал эми С.Орозбаковдун варианты боюнча Манас үчилтигин түрк тилине которгон топту көзөмөлдөгөн  КРнын Президентинин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Ренат Түлебердиев өз сөзүндө академик Абдылдажан Акматалиевге туура багыт көрсөтүп, демилгесин колдогонуна ыраазычылык билдирди. Буюрса муну менен токтобой жакынкы келечекте Манас эпосунун өзгөчө бир эпизодунан атайы сцерий жазып, анимациялык тасма тартууга киришээрин жарыялады. 

            Бет ачар аземдин жүрүшүндө сөз сүйлөгөн академик, КР Улуттук Илимдер академиясынын Тил жана Адабият институнун башчысы Абдылдажан Акматалиев да, КРнын Маданият , маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бакыт Секимов да жана КТМУнун Коомдук Илимдер Институтунун башчысы проф. докт. Орхан Тавукчу да бул эмгектин канчалык маанилүү экенин коомчулулукка туюндуруп кетишти. 

            Кеченин соңу КТМУнун Көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолду. 

 

Жылдызбек Турсунбаев

 

Манас үчилтиги түрк тилине которулду Манас үчилтиги түрк тилине которулду Манас үчилтиги түрк тилине которулду Манас үчилтиги түрк тилине которулду Манас үчилтиги түрк тилине которулду Манас үчилтиги түрк тилине которулду Манас үчилтиги түрк тилине которулду Манас үчилтиги түрк тилине которулду Манас үчилтиги түрк тилине которулду Манас үчилтиги түрк тилине которулду

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться