Болот Тентимышов: "Аз болсо да саз тасмаларга тартылууга аракет кылам" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Болот Тентимышов: "Аз болсо да саз тасмаларга тартылууга аракет кылам"

1-декабрь «Чоң экран» программасынынконогу КPнын Эмгек сиңирген артисти,  кино жана театр актеру Болот Тентимышовболду.



Эфир алкагында ал ойногон "Ата" тасмасы  жана актердун жалпы чыгармачылыгы тууралуу маек курдук.

«Кандай кана жанрдагы тасма  болбосун, эгерде ал жерде чындык болбосо, аткарган ишиңден эч кандай майнап чыкпайт. Калп, калпты жаратат, экрандагы 1-2 секунддук калп көрүүчүнү бара-бара өзүнөн алыстатып алат. Эгерде тасмада чындык болсо, шарттуу бир фантазияны же ойлоп табылган нерсени деле көрүүчү кечирет. Мен үчүн ар бир сунушталган роль жаңыдан башталган кадам. Мени алып жүрүүчү адам- бул режиссер.  Анын койгон талаптарын так аткаруу менин милдетим. Эгер, жазылган сценарийдин мааниси  же  маңызы мага жакпаса баш тартканга туура келет. Белгилүү актриса  Фаина Раневская айткан: «Балдар, абайлагыла, акча түгөнөт, уят калат». Ошон үчүн ар бир жасаган нерсени уялбастан, мына мен ушул ролду жараттым дегендей болуш керек. «Аз болсо да, саз болсун», деген ойдомун», -деди  Болот Тентимышов.

Маектешкен: ГульзираКеңешова

Жазган: Көчөрова Самара


Загрузка плеера...


Болот Тентимышов:  "Аз болсо да саз тасмаларга тартылууга аракет кылам" Болот Тентимышов:  "Аз болсо да саз тасмаларга тартылууга аракет кылам"

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться