Кыргызстанда “Дарак ыры” тарыхый мюзикл тартылууда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда “Дарак ыры” тарыхый мюзикл тартылууда

CentralAsiafilm студиясы Cinetrain компаниясы менен биргеликте Борбор Азияда алгачкы  “Дарак ыры” (“Песнь древа”) аттуу тарыхый-мюзиклин жаратууда.



Бул тууралуу тасманын продюсери Толкун Дайырбекова MEDIMANASка билдирди.

            Тасма 18-кылымдын аягындагы элдин жашоосу тууралуу баяндайт. Анын сюжетин чыныгы окуяларга таянган эки уламыш түзөт.

            “Сценарийдин үстүнөн режиссер Айбек Дайырбеков 8 жыл иштеген.  Андан кийин тартуу иштерин баштоо да оңой болгон жок. Ар бир майда-чүйдөгө өтө кылдат мамиле жасаш керек болду. Атайын тартуу иштери үчүн 17 ыр жазылды, алардын автору Бактыгүл Чотурова, ал эми композитор – Жолдошбек Апасов. Мындан тышкары, “Кийиз дүйнө”  долбоору тарабынан атайын кино үчүн 220 комплект костюмдар даярдалган.” –деди Толкун Дайырбекова.

            Тасмада башкы каармандын ролун Кыргыз драм театрынын актеру Өмүрбек Израилов жаратууда. Казакстандык актриса жана ырчы Салтанат Бакаева, Темирлан Сманбеков, Жылдызбек Касеинов жана Таалайкан Абазова ж.б өз ишин жакшы билген профессионалдарды бул кинодон көрө аласыздар.

            Толкун Дайырбекованын айтымында, тасманын бет ачары 2018-жылдын март айына пландалууда.

 

Жазган: Гулзира Кенешова

Кыргызстанда “Дарак ыры” тарыхый мюзикл тартылууда Кыргызстанда “Дарак ыры” тарыхый мюзикл тартылууда

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться