Белгилүү кинематографисттердин Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы тууралуу ой-пикирлери » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Белгилүү кинематографисттердин Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы тууралуу ой-пикирлери

Белгилүү кинематографисттердин Ак Илбирс улуттук киносыйлыгынын максаты, жаш киночуларга берген таасири тууралуу ой-пикирлери



Ак Илбирс киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү жана Asian World Film Festival кинофестивалдарынын негиздөөчүсү, режиссёр, продюсер, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер Нияз :

-Акыркы учурларда кыргыз киносунун жаңы өңүттөн ачылып жатканына күбө болуудабыз. Мындай иш-чаралар аркылуу кыргыз киносунун деңгээлин жогорулатып жатабыз десек болот. Себеби, ушул сыйлыкты алуу үчүн бир гана Кыргызстандан эмес Борбор Азиядан да аттуу-баштуу кинематографисттер келип жатышат.

Мындан тышкары, баарына белгилүү болгондой эле Лос-Анжелестеги кыргызстандыктар негиздеген Asian World Film, Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү жана ушул эле Ак Илбирс кино-академия сыйлыгы кыргыз кинематографиясын дүйнөгө жайылтууга болгон аракет. Учурда биз ошол аракеттин үзүрүн көрүп баштадык.

 

 

 

Ак Илбирс киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр жана актер Артыкбай Сүйүндүков :

- Сыйлыктын негизги максаты кыргыз маданиятын анын ичинде кыргыз киносун жайылтуу.  Эң негизгиси жаштарыбызды кино тармагына аралаштыруу жана кызыктыруу болуп саналат. Чынын айтканда кино жаатына акыркы 10 жылдын ичинде таланттуу жаштар келе баштады. Аларга бул сыйлык мотивация болуп, дагы да жакшы, сапаттуу тасмаларды жаратууга түрткү болот. Негизинен жаш киночулар азыртадан эле ийгиликтерди багынтып атат десек жаңылышпайбыз, себеби көптөгөн эл аралык фестивалдарда байгелерге ээ болуп жатабыз, чет элдик сынчылар, киночулар да биздин кинону баалап жатышат.

 

 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти жана режиссёр

Мурат Мамбетов:

- Ак Илбирс сыйлыгын тапшыруу  көп жылдан берки жакшы адатка айланды. Негизинен бардык өнүккөн өлкөлөрдө өзүлөрүнүн режиссёрлорун, актер, актрисаларын сыйлаган иш-чаралар бар. Анан бизде дагы кыргыз маданиятына салымын кошуп жаткан инсандарга берилиши жакшы көрүнүш деп ойлойм. Азыркы учурда кыргыз киносу көңүл кубантарлык абалда, ушундай сыйлыктардын жаштарга тийгизген таасири менен жакынкы арада кыргыз киносун чоң ийгиликтер күтүп тураары шексиз.

 

 

Кыргыз улуттук драм театрынын директору, режиссёр, актер

Назым Мендибаиров:

- Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы - жаштарга жакшы мотивация бере

турган, кыргыз киноискусствосунун азыркыдан да бийик деңгээлге жете тургандыгына үмүт арттырган, ишеним берген иш-чара.  Азыркы учурда Ак Илбирс жана ушул сыяктуу сыйлыктар өз максатына жетип жатат деп ойлойм, себеби акыркы жылдары кыргыз киночулары  дүйнөлүк деңгээлдеги, мыкты сапаттагы тасмаларды тартып Америка, Европа өлкөлөрүнүн фестивалдарына татыктуу катышып келишүүдө. Демек, бул да кыргыз киносунун жеңиши.

 

 

 

Ак Илбирс киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр, продюсер жана композитор Эрнест Абдыжапаров :

-Бул сыйлыкты алууга коңшу өлкөлөр да ынтызар болууда, демек алты жылдын ичинде Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы кадыр-барктуу болуп калды. Сыйлыкка жыл өткөн сайын жаңы номинациялар кошулуп, кеңири жайылып жатат, буюрса, алдыда  бүтүндөй Азиянын сыйлыгы болуп калат. Бирок аны менен да токтобой, алдыга гана жыла беребиз.

Сыйлык биринчи кезекте маданиятыбыздын, жаштарыбыздын, элибиздин келечеги үчүн чоң салымын кошо турган иш-чара десем болот. Мындан тышкары, жаш киночуларга сапаттуу тасма кандай тартыларын көрсөтүү  жана кыргыз киносунун ийгиликтерин эл менен бөлүшүү максатын көздөйт.

 

 

Түркмөн кинорежиссеру, сценарист Ходжакули Нарлиев:

- Негизинен адам баласы кандай гана иш кылбасын ал үчүн мактоо сөздөрүн укса ал ишти дагы да майын чыгара аткарууга киришет эмеспи. Мында деле ошондой, жаш кинематографисттердин эмгектери өз өлкөсү тарабынан бааланып, сыйлык берилип жатса, алар андан да жакшы  тасмаларды жаратууга бел байлашат. Демек, бул сыйлыктын негизги максаты жаш киночуларды шыктандыруу, аларга жакшы таасир берүү болсо керек.

Белгилүү кинематографисттердин Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы тууралуу ой-пикирлери Белгилүү кинематографисттердин Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы тууралуу ой-пикирлери Белгилүү кинематографисттердин Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы тууралуу ой-пикирлери Белгилүү кинематографисттердин Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы тууралуу ой-пикирлери

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться