Артыкбай Сүйүндүков:Учурда кыргыз тасмаларынын сапаты жакшырууда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Артыкбай Сүйүндүков:Учурда кыргыз тасмаларынын сапаты жакшырууда

1-мартта “Чоң экран”программасында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал режиссер Артыкбай Сүйүндүков конокто болду.



Программанын жүрүшүндө азыркы кыргыз киносунун акыбалы жана  дүйнөлүк  аренадагы орду тууралуу кеп козголду.

Анын айтымында бүгүнкү күндө кыргыз тасмаларынын сандан сапатка өтүп жаткан учуру:

“Учурда кыргыз тасмалары бийик деңгээлге чыкты десем болот ошондуктан ар кандай дүйнөлүк фестивалдарга катышып байгелүү кайтышууда дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай 3-4 жыл мурун жылына 100гө чукул тасма тартылчу болсо, а азыркы күндө жылына  40-50 гана тасма  тартылат  булда болсо барган сайын” Саны бар сапаты жок” тасмаларга эмес сапаттуу фильмдерге маани берилип жатканын айгинелейт.”

Тарткан тасмаларыңыз  менен эмнени көсөткүңүз келет, деген сурообузга режиссер төмөндөгүдөй жооп берди:

“Тасмалар аркылуу турмушту жана кыргыздын дүйнөсүн көрсөткүм келет.Тасма бул-искусствонун бир бутагы, жөнөкөй тил менен айтканда турмуш жана адам тагдыры.Инсандын жан дүйнөсүнө азык берүүчү тасмаларды көбүрөөк тартып,элибиздин руханий көрөңгөсүн байытуу менин максатым.”

Мындан сырткары угармандардын Балдарыңыздын ичинен чыгармачылык менен алектенип , жолуңузду жолдогондору болдубу?  деген суроосуна. “Мен алардын тасма тартып, режиссер болуусун  каалаган жокмун, тасма тартуу бир топ түйшүктүү. Совет доорунда эле абдан татаалболчуазыр андан эки эсе оорлошту” деген жообун узатты.

Эскерте кетсек, Артыкбай Сүйүндүков учурда  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Радио телевидение  жана  киноискусство”  бөлүмүндө ага окутуучу катары эмгектенип келүүдө.


Загрузка плеера...


Артыкбай Сүйүндүков:Учурда кыргыз тасмаларынын сапаты жакшырууда Артыкбай Сүйүндүков:Учурда кыргыз тасмаларынын сапаты жакшырууда

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться