Курмангазы Азыкбаев: “Музыка – мээнин допинги” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Курмангазы Азыкбаев: “Музыка – мээнин допинги”

Курмангазы Азыкбаев “Манас” радиосунун “Автопортрет” программасында конокто болду.



Кыргыз Республикасыменен Түркменистандын эл артисти, салттуу мызыканын чебери жана музыка терапиясын мыкты деңгээлде өздөштүргөн Курмангазы Азыкбаев “Манас” радиосунун “Автопортрет” программасында конокто болду.

Дүйнөнүн 100 дөн ашык өлкөлөрүн кыдырган, кыргыздын 37 үйлөмө аспабында жана чымчык үнүндө чеберчилик менен ойной билген Курмангазы мырза, “Автопортрет” уктуруусунда кызуу маек курду. Салттуу музыканын учурдагы унутта калып бара жаткан абалына баардык эле кыргыздар кайдыгер карабаса керек. “Кыргыз аспаптары – кыргыздын тарыхы менен тыгыз байланышта. Биз билбеген “Жетиген”, “Сыбызгы”, “Тогузген”, “Кырк кыл”, “Чууген”, “Кырк элек”, “Ыбызгы” жана башка ушул сыяктуу, унутта калган улуттук аспаптар өтө көп. Үйлөмө аспаптары аркылуу үндү жана музыканыэң бийик даражага жеткире алабыз. Үн – музыканын башаты, биз үндүн кучагындабыз. А музыка – мээнин допинги, жан-дүйнөнүн азыгы. Салттуу музыка биздин ички дүйнөбүздү жашартып, жашылдандырып турат. Бирок акыркы мезгилдерде салттуу музыка четке кагылып бара жатат. Жаштардын баардыгы “даңка-дуңк” болгон заманбап музыканын кучагында калууда. Биз өзүбүздүн күүлөрүбүзгө, кыргыздын жандуу музыкасына көбүрөөк маани берип, аяр мамиле кылуубуз керек!”-деп, капаланууда Курмангазы мырза.

       Курмангазы Азыкбаев кыргызды жана кыргыздын улуттук аспаптарын дүйнөгө таанытып, даңазалап келүүдө. Ошондой эле өзүнүн артынан мураскерлерди дайындап, “Эне-Сай” эстрада тобун негиздөөгө да жетишкен.

Жазган: Жоомарт Шайдылдаев


Загрузка плеера...


Курмангазы Азыкбаев: “Музыка – мээнин допинги” Курмангазы Азыкбаев: “Музыка – мээнин допинги”

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться