Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Бүгүнкү программада “Ак илбирстин тукуму”тасмасы тууралуу сөз кылабыз.



Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Бүгүнкү программада “Ак илбирстин тукуму”тасмасы тууралуу сөз кылабыз.

Кыргыз киносунун алтын фондунда сакталып калган “кыргыз кереметинин” бири, төрт мезгилди чагылдырган, кыргыздын жүзүн ачып берген “Ак илбирстин тукуму” тасмасы кыргыз кино искусствосунун классикасына айланганы анык.

Тартуучу топ:

Режиссёру – Төлөмүш Океев

Сценарийин жазгандар – Мар Байжиев, Төлөмүш Океев

Оператору – Нуртай Борбиев

Композитор – Муратбек Бегалиев

Сүрөтчү – Алексей Макаров

Тартылган актерлор:

Догдурбек Кыдыралиев – Кожожаш

Ашыр Чокубаев – Касен

Алиман Жангорозова – Сайкал

Марат Жантелиев – Саяк

Жамал Сейдакматова – Бегайым

Доскан Жолжаксынов – Муздузбай

Акыл Куланбаев – Карыпбай

Тасманын дареги:

“Ак илбирстин тукуму”- 1983-жылы режиссёр Төлөмүш Океев тарабынан “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган, эки бөлүмдүү көркөм тасма.

Тартуу иштери 3000-5000 метр бийиктикте жайгашкан Хан-Теңирде жүргүзүлгөн. Ал жерге Караколдон тик учак менен 40 мүнөттө, ал эми жөө үч күндө жетүү мүмкүн болгон.

Бул үчүн Москвадан альпинисттер чакырылып, алар актерлордун коопсуздугун көзөмөлдөшкөн.

Чоң экранга 1985-жылы апрель айында чыккан. Кинону көрсөтүү укугун дүйнөнүн 35 өлкөсү сатып алган.

Сюжетин эске салсак:

Көзгө атар мерген Кожожаш бүтүндөй бир айылды мергенчилиги менен баккан тың чыкма жигиттерден болот. Эли ачкачылыктан кырыла баштаганда Кожожаш ашуу ашып Мундузбай аттуу байдан досу Касен экөө жардам сурап барышат. Байдын токолу Айкени көңүлүндө жактырып калган Кожожаш, ал айылга кийинки барышында Айке менен жолугат. Бул аралыкта Айке да ичинен тымызын Кожожашты күтүп жүргөн болот. Мергенчинин бул кылыгын билип калган жубайы Зулайка өлгүсү келет. Кийин Зулайка Айкени баласы менен алып кел дейт. Бирок Мундузбай баланын Кожожаштан экенин билип турса да, мураскери жок болгондуктан уулум деп элге жар салып, той берет. Мергенчи элин ачарчылыктан куткаруу максатында бөкөндөрдү аёосуз кыра баштайт. Алардын этин айыл эли жесе, мүйүздөрүн мылтыкка алмаштырып, уулу менен сүйгөнүн Мундузбайдан кайтарып алууну тымызын көздөйт. Бөкөндөрдүн арасында, алардын терисинен тон кийген өз уулу Карагулду тааныбай Кожожаш өз колу менен атып алат.Тасманын негизги мазмунунда "жаратылышка болгон ырайымсыздыктан, жаратылыш өзүнүн өчүн алышын" баяндайт.

Сиз көрбөгөн кадрлар:

Бийиктиги 3000-5000  метр болгон Хан-Теңир чокусуна Каракол шаарынан тик учак менен 40 мүнөттө, жөө барса 3 күндө жетет. Тик учак бороон-чапкындын айынан Хан-Теңирге жете албай, актёрлор тамак-ашы жок ачка калышкан. Тоңуп кала жаздашканда гримге колдонуучу спиртке кар кошуп ичип, сууктан аман калышканын актёрлор көп эскеришет.

 

Кожожаш менен Касендин Мундузбайдын боз үйүнө кирип саламдашып турган учуру. Байдын айылына жеткиче жигиттер кар көчкүдө калышат. Көчкүнү чыгармачыл топ атып түшүрүшкөн. Чу дегенде эле кинону Төлөмүш Океев ушул көрүнүштү тартуу менен баштаган. "Тартууну эмнеге ушундан баштадыңыз?" деп сурашканда "Ашыр менен Догдурбек каза болуп калса, башка актёрлор менен кайра башынан тартуу керектигин ойлодум" деп, кинорежиссёр тамаша-чыны аралаш жооп кайтарган экен.

Жалама аскаларда мышыктай секирип чуркап жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди Москвадан келген альпинисттер "жүрү биз менен кет, сен көп чокуларды багынтасың" дешкен. Бирок Кожожаштын ролун жаратам деп суукка тоңгон актёр альпинисттердин сунушунан баш тарткан. Актёр бул ролу үчүн 8000 рубль гонорар алган.

Алгач уруу башчысы манасчы кемпирдин ролуна Жамал Сейдакматова кабыл алынып, аны гримдин жардамы менен картайтмак болушат. Актриса "аны ойнобойм" дей бергендиктен, ага Мундузбайдын байбичесинин ролу тийип, манасчы кемпирди Алиман Жангорозова аткарат.

Акыл-эси кем баланын ролун аткарган Марат Жанталиевди кемпирлер чындап жинди деп ойлошуп, "Кудайдын кылганы да, келегой, айран ич" дешсе, жаш балдар аны теңтуш кылып алышкан.

Режиссёр мергенчилерге илбирс, кайберен кармап келгиле деп тапшырма берген. Алар таап келген үч жашар илбирс кино тартылып бүткөндөн кийин Москвадагы, Сур эчки араб өлкөлөрүнүн бирине зоопаркка өткөрүлгөн.

 

Сыйлыктар:

1985-жылы Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда "Күмүш аюу" сыйлыгын утуп алган.

1986-жылы Азия өлкөлөрүндө өткөн фестивалда "Дамаск кылычы" сыйлыгына ээ болгон.

 

Кызыктар:

Догдурбек Кыдыралиев бул ролу үчүн 8000 рубль гонорар алган.

Сценарийдин негизги бөлүгү “Кожожаш” эпосунан алынган.

Зулайка менен Айкенин ролун аткаргандар чыныгы жашоодо жакын санаалаш курбулардан.

Карагулдун ролундагы кичинекей бала Айбек азыр үй-бүлөлүү. Бирок ал экинчи ирет тасмага тартылган эмес.

 

Даярдаган: Кенешова Гулзира


Загрузка плеера...


Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться