23-ноябрда «1916-жыл кыргыз прозасында» аттуу китептин бет ачар аземи болот » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

23-ноябрда «1916-жыл кыргыз прозасында» аттуу китептин бет ачар аземи болот

“Ракурс” уктуруусунун студиядагы коногу КТМУнин коммуникация факультетинин улук окутуучусу, филология илиминин кандидаты Гүлзада Станалиева



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде 23-ноябрь күнү саат 15:00дө  филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиеванын «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин таанытымы өткөрүлөт.

Китепте 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз прозасында көркөм чагылдырылышы иликтенген. Автор аталган окуяга кайрылган  чыгармалардагы көркөм чындыктын тарыхтагы факты-маалыматтарга айкалышы, ал чыгармалардын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү жана образдардын турмуштук негиздүүлүгү өӊдүү маселелерди талкууга алган. Улуттук адабиятыбыздын тарыхында мурда белгилүү деӊгээлде чектөөлөрдүн карамагында иликтенип келген барактары талданып, эгемендик мезгилине чейинки идеялар менен көз караштар кайрадан каралган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары казак, түркмөн, өзбек элдеринин адабиятындагы 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу чыгармалар менен салыштырылып талданган.

Китеп Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын китепканаларына акысыз таркатылмакчы.

Г.Станалиева 1916-жыл окуясынын кыргыз адабиятында чагылдырылышын изилдеп жүргөн окумуштуу катары белгилүү. Буга чейин автордун бул темада «Тарых жана тагдыр», «Тарыхый чындыкты чагылдырган роман» жана «Тарыхый чындыкты көркөм аңдоо» деген эмгектери жарык көргөн.

Дареги: Бишкек ш., Жал кичи району, КТМУ, коммуникация факультетинин кино залы.

23-ноябрда «1916-жыл кыргыз прозасында» аттуу китептин бет ачар аземи болот 23-ноябрда «1916-жыл кыргыз прозасында» аттуу китептин бет ачар аземи болот 23-ноябрда «1916-жыл кыргыз прозасында» аттуу китептин бет ачар аземи болот 23-ноябрда «1916-жыл кыргыз прозасында» аттуу китептин бет ачар аземи болот

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться