Таланттарды тарбиялаган 90 жылдык мектеп » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Таланттарды тарбиялаган 90 жылдык мектеп



15-октябрь күнү Кыргыз драм театрында Айдаркан Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназиясынын 90 жылдык маарекеси болуп өттү.

Билим уясынын маарекеси менен куттуктоого Кыргызстандын бир катар көрүнүктүү инсандары келип, ошондой эле мектептин эже-агайлары мактоо баракчалары менен сыйланышып, окуучулары ар кыл тармакта өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

“Төлөмүш Океев, Байдылда Сарногоев, Апас Жумагулов, Аалы Карашев, маданият тармагынан Жамал Сейдакматова, Сүймөнкул Чокморов деген кыргыздын таанымал таланттуу инсандары биздин мектептен бүтүшкөн. Азыр дагы бул алтын уя өлкөдөгү мыкты делген мектептердин алдыңкы сабында жана мыкты келечектин ээлерин даярдоодо”-дейт гимназиянын директору Муратбек Молдокулов.

Белгилей кетсек, гимназия уюшулгандан тартып он миңдеген бүтүрүүчүлөрдү уядан учурган. Алардын катарында белгилүү ишкерлер, саясатчылар, окумуштуулар жана дарыгерлер бар.

 

Кабарчы: Асел Шамилова

 

Пользователь с логином asel не найден.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться