Элмирбек Иманалиев: “Бешиктен белим чыкпай жатып заказга ыр жазчумун” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Элмирбек Иманалиев: “Бешиктен белим чыкпай жатып заказга ыр жазчумун”



10-октябрь күнү КУУнун башкы корпусунда “Инсандык өнүгүү” студенттик клубу тарабынан семинар уюштурулуп, иш-чаранын коногу Кыргыз эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев болду.
2016-тарых жана маданият жылына карата болуп өткөн семинарда өнөрүн кастарлап, көч башында келе жаткан айтылуу төкмө акын Элмирбек агайыбыз жаштардын ар түрдүү суроолоруна жооп берип, төкмөлүк өнөр жөнүндө кенен маалымат берди.

“Дүйнө жүзүндө төкмөлүк өнөр бир гана кыргыз, казак элинде бар. Негизинен эле акындардын бардыгынын жүрөгү бирдей. Бирок, эгиздердин да айырмачылыгы болот. Анын сыңарындай ар бир акын өзүнүн муунга бөлүп созуу, ырдоо кырааты керек болсо социалдык абалына, жер шартына байланыштуу айырмаланат”-деди ал.

3-классынан эле баштап ыр жазып, жазган ырларына жан киргизип обон берген Элмирбек агайыбыз комузда ыр ырдап, залды толкутуп, кеп-кеңештери менен бөлүштү.

“Архитектор, скульптор, сүрөтчү, ырчы, бийчи болобу айтор бардык жерде поэзия болбосо, жасаган ишиңдин тузу кем болуп калат. Керек болсо сүйүү дагы поэзияга муктаж. Эң кызыгы бешиктен белим чыкпай жатып 16 жашымда сүйүү катын жазган балдарга заказга ыр жазып берчү экенмин. Азыр болсо деги эле заказга эч жаза албайм.”-дейт акын.

Учурда ар ким өз киндигин өзү кескен заман экендигин, өнөрлүү адам өкмөт же мамлекет жардам берет деп карап отурбастан талантын өркүндөтүү үчүн талыкпай эмгек кылышы керектигин кошумчалады.

Иш-чаранын жыйынтыгында Элмирбек агай жаштарга поэзия дүйнөсүнүн сырларын, төкмөлүк өнөрдүн кереметин ачып берди.

 

Кабарчы: Асел Шамилова

Элмирбек Иманалиев: “Бешиктен белим чыкпай жатып заказга ыр жазчумун” Элмирбек Иманалиев: “Бешиктен белим чыкпай жатып заказга ыр жазчумун”
Пользователь с логином asel не найден.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться