Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин жамааты тарабынан Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата Кыргызстандагы мейманкана иштетүү жана коомдук тамактануу тармагынын жетекчилеринин башын бириктирип, чай үстүндө баарлашуу уюштурулду.



27-сентябрь күнү Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин жамааты тарабынан Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата Кыргызстандагы мейманкана иштетүү жана коомдук тамактануу тармагынын жетекчилеринин башын бириктирип, чай үстүндө баарлашуу уюштурулду. Аталган иш-чарага окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректор, профессор Анварбек Мокеев да келип, туризм тармагында эмгектенип келе жаткан инсандарды майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Иш-чаранын ачылышында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы учурда туризм интустриясы менен ЖОЖдор биргеликте кызматташуусу зарыл экендигине басым жасап: – “Албетте, Орто Азия чөлкөмүндө туризм тармагы боюнча Кыргызстандын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү чоң. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхын, маданияты жана маданий мурастарын таанытуу туризмге да байланыштуу. Андыктан туризм тармагын ар тараптуу өнүктүрүү керек”, - деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, аталган жогорку мектептин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем Кыргызстандагы мейманкана иштетүү жана коомдук тамактануу тармагынын жетекчилери менен Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүн бирге белгилеп, чай үстүндө баарлашуу максатында чогулуп олтургандыгын билдирди. Ал эми баарлашууга келген коноктор туризм секторундагы жаңылыктар жана ошондой эле Кыргызстанда туризм секторунун азыркы мезгилдеги абалы, өнүгүшү жана учурда туризм тармагында адистерди даярдоодогу артыкчылыктар жана кемчиликтер туурасында да ойлору менен бөлүшүштү.

Баарлашуу кечесинин коноктору “Ambassador” ресторанынын башкы мүдүрү Эльдар Шабданов, “Алтын Казына” ресторанынын менеджери Максатбек Касымалы уулу, “Супара” атындагы этно-комплексинен Назгуль Турганбаева, “HORECA” клубунун мүдүрү Махабат Алымкулова, “Prego” ресторанынын башкы мүдүрү Айжан Чегирткеева, “Империал” ресторанынын жетекчиси Жоомарт Ташибеков, «Футуро» мейманканасынын башкы мүдүрү Мурат Арстанбеков, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Турмуш-тиричиликти тейлөө комплексинин мүдүрү Мурат Жолдошев, «Сoffee» кофейнясынын жетекчиси Зульфира Хайбулина, “Нават” кафесинин менеджери Марсель Кудайкулов, “Саксаул” ресторанынын жетекчиси Т. Мирзакаримов болушту.

Эске салсак, жыл сайын Туризмдин дүйнөлүк күнүн белгилеп туруу чечими Улуттар уюмунун башкы ассамблеясы тарабынан 1980-жылы 27-сентябрда кабыл алынган. Бул майрам быйыл 36-ирет белгиленип жатат.

 

Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться