Ийгиликтүү болууга 10 сапат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ийгиликтүү болууга 10 сапат



Кантип ийгиликтүү адамга айлансак болот? Бул суроого жооп табуу үчүн күндө баш катырабыз. Заманбап психологиядагы эң белгилүү темалардын бири - Ийгилик. Албетте акылмандар, кесипкөй адистер толтура китептерди жазышкан, миңдеген  гезит-журналдар дагы акылман кеңештерди жазган. Бүгүн мен дагы сиздерге ийгиликтүу болуунун сырларын ачып берүүгө аракет кылдым.

Ийгилик деген эмне? Азыркы замандагы ийгиликтүү адамдын образы кандай деп сурасак: Атактуу болуу, маянасы жогору жумушта иштөө, кымбат маркадагы автомобилге ээ болуу, белгилүү бренддердин кийимдеринен кийинүү, элитка деп аталган заманбап үйлөрдө же андан да чоң курулган виллаларда жашоо, чет өлкөлөрдө саякаттоо, жеке ишканага ээ болуу сыктуу нерселерди айтышат... Психологдордун айтуусунда ийгиликтүү адамдын образын адам өзүнө өзү түзөт. Ийгилик эмне экендигине өзү жооп таба алат. Чындыгында эле бирөө үйрөткөн же мажбурлаган образды ээрчип эмес, өзүңүздүн өзүнүз жаратыңыз. Кыялыңызда куруп алган макстатты көздөй умтулуңуз. Ал куру кыял болсо, кыял болдон кала бере. Эгер сиз аракетти, эмгектти баштасаңыз ал Максат болуп саналат. Кыргыз элибизде: “Аракетке берекет”- деген жакшы сөз бар. Аракет эле кыла берсеңиз сөзсүз жетесиз.
Ар бирибиз ар кандай максаттарыбыз, тузүп алган, же элестетип алган кыялдарыбыз менен өмүр сүрөбүз. Албетте көпчүлүк ийгиликтүү адамдар бир биринен өзүнүн мүмкүнчүлүгү, билими, таланты, аракети, өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Бирок баардык ийгиликтүү адамдарды окшоштуруп турган жалпы же негизги сапаттар бар. Ийгиликтүу адам ийгиликсиз адамдан эмнеси менен айырмаланат? Буга жооп издеп көрөлү.


Ийгиликтүү адамдын мыкты 10 сапаты:
1.    Ийгиликтүү адам мүмкүнчүлүктү издейт.
Ийгиликсиз шылтоо таап, тоскоолдуктарды айтып бугүн баштачу жумушту эртеңкиге калтырат. Мисалы акча жетпейт деген жагдайды эске алалы. Ийгиликтүү адам акча табууга мүмкүнчүлүк издейт, акчаны кантип башкаруу, топтоо боюнча сабаттуулугун жойот, билимин арттырат.  Тапкан кирешесинен дагы киреше табуу жолун издейт. Ийгиликсиз болсо бул өлкөдө  эмне үчүн жумуш табуу кыйын экенин айтып, шылтоо таап, акча табуу мүмкүн эмес деп отура берет. Демек, куру сөздөн качып, жумушка өтөлү...
2.     Ийгиликтүү адам аракетти баштайт.
Ийгиликсиз кийинкиге калтырат. Ийгиликтүү адам корксо дагы, билбесе дагы аракетти баштайт. Ийгиликсиз болсо улам эле үйрөнүп жатам, же сураштырып жатам деп шылтоо айып, ыңгайлуу учурду күтүп отура берет. Ал учур болсо такыр эле келбейт...Анай адамдар жайында ысып кетет, кышында тоңуп калат, деген сыяктуу. Качан жакшы жашайт эч ким билбейт...
3.    Ийгиликтүү адам алдына чоң талаптарды койот.
Өзүнө максималдуу талаптарды, татаал тапшырмаларды койот.
Мурдагы жолу болбой калса дагы, эми сөзсүз болот деп өзүнө ишеним артат. Ийгиликсиз болсо, эмне кереги бар, ушул деле жетет, ушул деле болот деп отура берет.
4.    Ийгиликтүү адам жыгылса кайра тура алат.
Ийгиликсиз жыгылып калса кайра тура албай калам деп коркуп жашайт. Жыгылып калса болду, кайра туралбайм деп аракетти токтотот. Атактуу адамдардын өмүр баяндарын окусак аябай көп тоскоолдуктарды басып өткөнү баяндалат. Бир нече жоготууларга туш болгону, ошентип отуруп баары бир максатына жеткени, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү, атактуу, же бай адамга айланганы жазылат. Демек, ийгиликке жетүү үчүн бир топ тоскоолдуктуу басып өтүп, баарын жеңип анан гана ийгилик көрүнөт экенин түшүнүү керек.
5.    Ийгиликтүү адам өзүнө өзү дем бере алат.
Жакшы ойлор менен жашайт. Жумушуна болгон кызыгуусун далилдөө үчүн, өзүнүн ал-күчүн көрсөтөт, баардыгын жумуш менен далилдейт. Ийгиликсиз болсо ар дайым башкалардын мактоолорун, колдоолорун күтүп жашайт. Жагымсыз абалда калганын бир туугандарына, досторуна ж.б. шылтоолойт.
6.    Ийгиликтүү адам тобокелге барат.
Жашоо биз ойлогондой эмес. Ал ар дайым ар кандай окуяларга туш кылат. Ийгиликти издеген адам баарына даяр болуп, жакшы болсо дагы, жаман болсо дагы мейли деп тобокелдикке барат.
7.    Ийгиликтүү адам сабырдуу болот.
Максатты көздөй узак жол басууга даяр болот, кыйынчылыктарды чыдамакайлык менен жеңет. “Сабырдын түбү сары алтын”- деген сөздүн маанисин жакшы түшүнөт. Ийгиликсиз адам тез эле болуп калса жана көп нерсеге жетсем деп кыялданат.
Акылман адам 1% талант, 99% эмгек керек экендигин унутпайт!
8.    Ийгиликтүү адам коркпойт.
Жок деген сөздөрдү угуудан тажабайт, эмоцияга алдырбайт. Жашоодогу канчалаган ыңгайсыз суроолорго жооп таап, алдыдагы турган тоскоолдуктан жол таап, тажрыйбалуу боло билсеңиз, мына ошондо эң ийгиликтүү адамга айланасыз. Эң биринчи кезекте адам өзүн өзү жеңе билсе, анда башка кыйынчылыктар ага коркунучтуу сезилбейт.
9.    Ийгиликтүү адам өзүнө ишенет.
Өзгөрүүнү алгач өзүнөн баштайт. Ийгиликтүү аталуу үчүн өзүндөгү билим, эмгекке таянат. Инсандык өнүгүүсүн, билим алуусун күндөн күнгө көйбөйтөт.
 Ийгиликсиз болсо башкалардын сөзүнө ишенет, ар кимдин сөзүн угат, жеке позициясы жок болот.
10.    Ийгиликтүү адам Максатын көздөй жөнөйт.
Алдыга койгон Максатты, татыктуу жашоону  көздөй так жана ишенимдүү жөнөйт. Атайы бизнес пландарды, долбоорлорду түзөт. Ийгиликсиздер майда-барат кыялдар менен алек болот. Тарыхка көз чаптырсак деле, ийгиликтүү адамдар бир караганда ишке ашпачудай көрүнгөн, тоодой бийик, укмуштуудай максаттардан коркпой, ошону көздөй кадам таштаган. Алгач ал максаттарга мүкүнчүлүктөрү абдан аз болчу. Бекеринен дагы: “Кыбыраган кыр ашат”-, деп  айтылып калбаса керек. Ийгиликтүү адам коомго, үй бүлөсүнө өрнөктүү жашоого күн сайын умтулуп, акыры иш жүзүндө далилдейт!
Ар бир адам өз максатына жете алат, болгону каалоо жана талыкпаган эмгек керек. Эмесе алга жана алга!


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться