Айымдар өзүнө өзү баа берүүнү кантип жогорулатуусу керек? » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Айымдар өзүнө өзү баа берүүнү кантип жогорулатуусу керек?



Өзүнө өзү баа берүү учурдагы эң актуалдуу темалардан. Ар бир адам  өзүнө өзү жогору баа бере билиш керек. Бугүн биз айымдардын өзүнө өзү баа берүүсүү, баалоосу тууралуу сүйлөшөбүз.  
Өзүнө өзү баа берүү (баалоо) - бул өзүңө болгон мамиле, бар экенинди кабыл алуу, ким болгондугуңа, ким болуп калыптанганыңа  канааттануу ( же канааттанбоо) болуп саналат. Мунун баары ар бир айым үчүн абдан маанилүү. Негизи ар бир айым өзүн төгөрөгү төп келген адам,  бактылуу, сулуу, ишенимдүү сезүүсү зарыл. Учурда көпчүлүк айымдар өзүн өзү кандай баалайт? Кантип айымдардын өзүн өзү баалоосун жогорулатуу керек?
    Белгилүү бир карикатура бар: арык сулуу айым күзгүнү карап, толук айымды көрөт экен, бою кичинекей башы таз эркек күзгүнү карап,булчүндуу сулуу мырзаны көрөт...Карап отурсак айымдар өзүнүн көрүнүшүнө көп туура баа бербейт, ал аз келгенсип, билимине, күчүнө, талантына да кем баа берет.
Көпчүлүк айымдар өзүнө өзү кандай баа берет? Жогорку баа айымдарга эмне үчүн керек?
. Өзүнүн баалуулугун түшүнүү
. Өзүн өзү сыйлоо
. Гармониялуу, айкалышкан мамилелерди түзө билүү
. Өзүнүн чек арасын коргоо
Мунун баары өспүрүм курактан баштап эле калыптануусу абдан маанилүу. Ата- энелер өспүрүм курактагы кыздардын өзүнө өзү баа берүүсүн жогорулатуу үчүн эмне кылуу керек деп коп ойлонушат. Себеби өспүрүм курактагы өзүнө өзү төмөн баа берүү- бул сырткы көрүнүшүнө нааразычылык, терең ойлонулбаган кадамдар, кызыктай же таң калычтуу нерселер менен алектенүү...
Сиздин өспүрүм курактагы кызыңыз өзүн сулуу эмес деп эсептейби? Жакшылап байкоо жүргүзүп же баарлашып көрүңүз. Өспүрүм куракта бардык нерсе абдан мааниге ээ- сырткы көрүнүшү, кийими ж.б...Кыздар үчүн эң мыкты  чечим бул- спорт жана бий. Спорт менен бий кыймылдарын өнүктүрүүгө жардам берет. Сымбаты дагы келишимдүү болуп өзгөрөт. Эгер териси көйгөйлүү болсо профессионал дерматологго, косметологго кайрылыңыздар. Сырткы көрүнүшүнө сөзсүз камкордук көрүнүздөр, себеби  өзүн өзү кандай баа берүүгө үйрөтүү бул абдан маанлилүү нерсе.
Өспүрүм курактан кийинки кыздардын  өзүнө өзү баа берүүсүн кантип жогорулатуу зарыл?  Бул жерде адам өзүнүн ички жан дүйнөсү менен көбүрөөк иш алып барууга туура келет.
1.    Өзүңдү эч качан башка бирөө менен салыштырба. Ар бир адамдын кемчилиги жана ийгилиги болот. Болгондо дагы өзүндү супержылдыздар менен салыштырба. Ар дайым жогорку деңгээлде көрүнүп жүрүү алардын кесибинин бир бөлүгү экенин унутпа.
2.    Сени акылдуу, сулуу эсептебегендер менен мамиле түзбө. Сиздин айлана чөйрөңүз  кандай болсоңуз ошондой кабыл алып, сизге абдан ишенүүсү керек. Болбосо бул сиздин чөйрө эмес.
3.    Өзүнүздүн ийгиликтердин тизмесин түзүңүз. Сизди мактай турган нерселер көп эле болсо керек. Эгерде ийгиликтериңиз аз босло апаңызды, эжеңизди, курбуңузду, жакын адамдардын кимдир бирөөсүн  жардамга чакырыңыз. Алар сизге өзүнүздү өзүнүз жакшы көрө турган башкы себептерди айтып беришет.
4.    Жашооңузду жигердүү кылууга аракет кылып, ишмер инсанга айланыңыз.Кызыктуу жана пайдалуу окуялар менен жашооңузду байытыңыз.
5.    Айымдардын өзүн өзү баалоого багытталган тренингдерге, семинарларга катышыңыз, интернеттен вебинарларды көрүңүз.
Практикага таянсак, жаш куракка жараша улуурак курактагы айымдарда өзүнө өзү баа берүүсү стабилдешип, туруктуу боло баштай, бирок кээде жашоо шартка жараша начарлаган учурлар да бар. Бат эле өзүнө баа берүүсү төмөндөп кеткен учурлардын себебине үңүлсөк, мамилелердин бузулушу, жумуштан чыгуу, ооруу сыяктуу себептер негиз болгон болот. М: ажырашуулардан кийин аялдарды кечке түйшөлткөн  биринчи суроо “Эмне үчүн  мен ушундай абалда калдым?”, “Мен эмнеден улам адаштым?”, “Менин эмнем кем?”. Ошондуктан ажырашуудан кийин кантип өзүнө өзү баа берүүнү жогорулатуу керек деген суроо турат?  Курбулар болсо мурунку жашоону жаман түш катары эсептеп, дароо унутуп кой деген кеңешти байма-бай беришет. Биринчиден заматта баарын унутуп коюу мүмкүн эмес. Адам мурунку жаман, негативдүү эскерүүлөрдү ичинде сактай берип,  депрессияга кабылып, психосоматикалык ооруларга кабылат. Экинчиден, бул өткөндөн алган тажрыйбадан таптакыр баш тартып, же аны ары жылдырып, биз жашообуздун бир бөлүгүнөн айрылабыз, демек өзүбүзгө керек жашоо ресурстарынан, азыктардан да айрылабыз.  Жакшылап карап көрсөңүз мындай чоң тажрыйбалардан кийин сиз бир топ күчтүү боло түшөсүз. Татаал учурду баары бир жашап өтүү зарыл. Болгондо да сабырдуу жана кайраттуулук менен жашоо мыкты жыйынтыгын берет. Жакшы дагы, начар дагы учурларды жакшыга бурууну, жакшы тарабынан карап көрүүнү үйрөнө билиңиз. Эң биринчи кезекте өзүңздү баалай билсеңиз, өзүңүзгө өзүңуз жогорку баа берсеңиз, анда жашоо дагы жогорку бааны берээрин унутпаңыз!


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться