Үй бүлөлүк казынаны туура пландоо » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Үй бүлөлүк казынаны туура пландоо



Эмне үчүн айрым үй бүлөлөр жетиштүү жашайт, айрымдар болсо жетишпей же карыздан башы чыкпай жашайт? Эмне үчүн айрымдар жайкы эс алуусуна акчасы бар жана ар дайым ар башка жакта, кызыктуу өткөрө алат? Кошумча нерселерди дагы сатып алып, жашоосунда улам-улам өзгөрүүлөр болуп турат. Айрымдар болсо улам эле кыйналып, акча жетпей жүрөт, жашоосу дагы кызыксыз уланып жатканын арыздана беришет... Себеби ар бир адам үй бүлөлүк казынаны туура пландоону үйрөнүүсү керек. Негизи эле жашоода баарын алдын ала таразалап, пландап анан иш жүргүзсөк, мыкты жыйынтыкка жетебиз. Ал үчүн жалпы каражатты, үй бүлө мүчөлөрүн эсептеп, жашоо шартыңызды карап, алдыга так жана максималдуу максаттарды коюу зарыл.

Акчасын туура эсептөөнү жана сарптоону баардыгы эле биле бербейт. Колго тийген акчаны аялы деле, күйөөсү деле 1 айга туура пландабай каалашынча кетире бергендер бар. Ошентип жүрө берип айдын аягына чейин эч нерсе калбай калат. Эмне кылыш керек? Ар бир короткон тыйынды дептерге эсептеп жазууга туура келеби??? Эгер сиз сарамжал болбосоңуз, эгер сиз акча сурагандарга жок деп айтууну билбесеңиз, албетте жазып жүрүүгө туура келет. Эгер сиз ашыкча тамакты көргөндө нысапты тыя албасаңыз, ашыкча керексиз кийимдерди обу жок сатып ала берсеңиз, деги эле жашооңузга эмне керек же керек эмес алдын ала чечпесеңиз анда улам-улам бир көйгөйгө туш боло бересиз. Чындыгында  үй бүлөлүк капчыкты кожойкелер кармаганы дурус болот деп ойлойм. Себеби мырзаларга караганда айымдар сарамжалдуу болушат. Ошондой эле үй бүлөлүк бюджетти пландап, эсептеп, жазып жүрүү жумуштары айымдарга жарашат. Дүйнөлүк практикага көз жүгүртсөк, жана сатистикага таянсак дагы үйдөгү экономика саясатын айымдар жүргүзөт экен. Канчалык айымдар бул багытта билимдүү, максаттуу, сарамжалдуу болсо үй бүлө үчүн аябагандай зор пайда. Мырзаларга болсо көбүрөөк иштеп, көбүрөөк каражат таап келүү милдети жүктөлгөн. Ошондуктан алар үй бүлөнү камсыздоого бир топ аракеттерди кылышат. Демек сарамжалдуулук милдетин кожойкелер колго алып, жолдошуна кеңештерин айтып турушса көбүрөөк натыйжалуу болот. (Албетте, айрым үй бүлөлөрдө эрежелер мыйзамдар такыр башка...)

 

Эмесе, Үй бүлөлүк казынаны туура пландоону үйрөнөлү!:

 

  1. Азык-түлүк үчүн акча.

1 айда ар ким ар кандай өлчөмдө тамактанат. Үй бүлөнүн тапкан кирешесине жараша 20% же 40% акча бөлүнөт. Ай сайын тамакка канча кетүүдө улам эсептеп жазып жүрүп, аягында  тажрыйбалуу болуп каласыз. Мүмкүн болушунча өз колуңуз менен тамак жасоого убакыт бөлүңуз. Ден соолук үчүн пайдалуу тамак-аштарды даярдоону үйрөнүңуз жана адатка айлантыңыз.

  1. Коммуналдык төлөмдөр үчүн акча.

    1 айда канча кетет сизге жакшы белгилүү, ошол сумманы бөлүп коюңуз. Болжолдуу 10% деп эсептейли. Албетте, ашыкча жарык же жылуулук үчүн чыгашаларды азайтуу керектигин эске алыңыз.

  1. Жол кире же машина үчүн акча.

   Кээде ремонтунажана дагы башка майда барат чыгашалар үчүн бир топ акча кетет. Муну дагы болжолдуу 20% деп койолу. Демек, машинам бар деп ашыкча керексиз жактарга айдоону, керексиз убакыт коротууну азайтыңыздар.

  1. Балдар үчүн акча.

Окуусуна, ийримдерге, кийимине, эс алуусуна акча кетет. Болжолдуу 20% деп бөлүп коюңуз. Балдардын окуусу үчүн көбүрөөк акча коротууга туура келет. Себеби алардын билими бул келечек үчүн инвестиция.

  1. Буюм үчүн акча.

Кийимге, бут кийимге, эмерекке, керек болуп калчу ж.б.буюмдарга. Ай сайын баардыгына кийим албайсыз, мезгилге жана керегине жараша сатып бересиз. Болжолдуу 10% бөлүңүз. Ашыкча жана өтө кымбат буюм сатып ала бербеңиз. Мезгил өткөн соң жарактан чыгат же модасы деле бүтөт.

  1. Эс алууга акча.

Эс алууну 2 ге бөлөсүз. 1 айлык эс алуугажана жумуштан уруксат алган өргүү учүрга (жайкы же кышкы) акчабөлөсүз. Болжолдуу 20% каражат бөлөлү.

1: 1 айда шартка жараша кафеге, киного, бассейнге, тоого, театрга, циркке, концертке барабыз деп план коюңуздар. 1 айда 4 жума болсо, анын ишемби же жекшемби күндөрүнө үй бүлөлүк эс алууну пландап программа түзүңуз.

2: Каражат жетсе жылына 1 жолу чет өлкөгө же өзүңүздүн өлкөдөгү эс алуу жайларына барабыз деп акча топтоңуздар. Алдын ала барчу өлкөнү тандап:

Жолдомо+билет+ страховка+ кошумча акча= чет өлкөгө жолдомонун акчасы

Бир кишиге кетчү сумманы чыгарып, аны 12 айга бөлүп чыгыңыз. Жыйынтыгында ай сайын канчадан чогултсаңар туура болоору келип чыгат. Эс алууларга чоң маани берүу зарыл, анткени үй булөнүн руханий байлыгы ынтымакты, сүйүүнү бекемдейт. О.э. балдарыңызга кызыктуу эскерүүлөрдү калтыруу менен бирге, өрнөктүү жол көрсөткөн болосуздар.

  1. Ашыкча акча.

Жогорудагы бөлүнгөн акчалардан арткан сумма болуп калса топтоңуз. Кээде планда жок келген кирешелер болуп калат, ошолорду дагы ушул бөлүккө кошуңуз. Себеби ойдо жок окуялар болуп калат.Бул бөлүк үй бүлөлүк казына үчүн эң маанилүү жана керектүү бөлүк болуп саналат. Эгерде чогулган суммаңыз аябай көбөйүп баратса, анда банкка депозитке салып коюңуз.

 

Жыйынтыгында тапкан айлыкты, кирешени болжолдуу 7 бөлүккө бөлүп, акчанын 100%ынын эң маанилүү нерселерге бөлүштүрүп көрдүк. Көбүрөөк корото турган болсок, негизи акчанын 100%ы тең кетип, жетпей дагы калаарын түшүндүк. Демек, ай сайын 1 айга алдын ала план түзүп, эң зарыл нерселерге гана акча бөлүштүрүүнү адатка айлантасыз деген ойдомун. Акчаны бөлүштүрүп алган соң, атайы отчет дептер жана7 конверт даярдап бөлүп коюңуз. Керегине жараша коротуу адатка айлана баштайт. Эгер эреже бузулуп кетип, акчаны алууга туура келсе, кетирген сумманы жазып, кийин сөзсүз толуктап коюуну унутпаңыздар! Жыл соңунда жыйынтык чыгарып, үй бүлөлүк казына жылына канча киреше таап, канча чыгаша чыгарганын тактай аласыздар. Албетте, мурдагы жылдарга караганда бир топ ийгиликтүү, жемиштүү жыл болгону байкалат. Эң негизгиси мыкты жыйынтыкка жетип, кызыктуу өмүр сүрүп жатканыңыздарга чогуу кубанасыздар!

Үй бүлөлүк казынаны туура пландоодо баарыңыздарга албан ийгиликтерди каалайм!

 

 

Кундуз Авашова.

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться