Айыл чарба министри Ысык-Көлдө балык чарбачылыгы ишканаларынын ачылышына катышат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Айыл чарба министри Ысык-Көлдө балык чарбачылыгы ишканаларынын ачылышына катышат

16-июлда КР Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев “Көлдүн төрү” Аквакультура Ассоциациясынын базасында түзүлгөн карп жана форелди инкубациялоо жана багуу чарбачылыгынын расмий ачылышын жасайт.



2016-жылдын 16-июлунда КР Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев “Көлдүн төрү” Аквакультура Ассоциациясынын базасында түзүлгөн карп жана форелди инкубациялоо жана багуу чарбачылыгынын расмий ачылышын жасайт. Чарбачылык Ысык-Көл облусунун Түп айылында жайгашкан. Жогорку сапаттагы чабактардын жана аквакультура үчүн тоюттун кенен болушу балык чарбачылыгын өнүктүрүүнүн негизги өбөлгөсү болуп эсептелет.
4 инкубациялык жана 3 тоют даярдоочу чарбалар карп жана форелди өндүрүү ишканалары катары ишке киргизилип жатат. Ар бир чарба жылына 480 тонна карп, ак амур, толстолоб, ошондой эле 120 тонна форелди өстүрүү үчүн чабактарды өндүрүп чыгышы каралган. Акватоют чыгаруу өндүрүшүн ишке киргизүү биздин өлкөдө алгачкы жолу ишке ашып жатат. Мурун фермерлер сапаты начар айыл чарба тоюттарын же кымбат баалуу импорттолгон продукцияларды колдонууга аргасыз болчу. Белгилүү болгондой, балык чарбасында кирешенин 60% тоютка кетет. Ошондуктан фермерлерге жогорку эффективдүү өндүрүш системаларын жолго коюу кыйынга турган. Балык чарбасы үчүн тоют өндүрүү цехтери саатына 600-800 кг тоют өндүрүүгө жөндөмдүү жана анда жергиликтүү кошулмалар иштетилет. Бул цехтердин ишке киргизилиши Кыргызстанда балык чарбачылыгын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзмөкчү.
Финляндиянын Тышкы Иштер министрилиги тарабынан каржылык колдоого алынган салтанаттуу бет ачар аземи мындан ары ФАО менен КР Айыл чарба министрлиги жана Балык чарба департаментинин ортосундагы өлкөбүздөгү балык чарбачылыгын өнүктүрүү жаатында жемиштүү кызматташууга жол ачмакчы.

Айыл чарба министри Ысык-Көлдө балык чарбачылыгы ишканаларынын  ачылышына катышат Айыл чарба министри Ысык-Көлдө балык чарбачылыгы ишканаларынын  ачылышына катышат Айыл чарба министри Ысык-Көлдө балык чарбачылыгы ишканаларынын  ачылышына катышат Айыл чарба министри Ысык-Көлдө балык чарбачылыгы ишканаларынын  ачылышына катышат

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться