Казак күрөшү: Кыргыз балбаны эң оор салмакта чемпион болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Казак күрөшү: Кыргыз балбаны эң оор салмакта чемпион болду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.



4-сентябрда «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн мелдешке 32 өлкөдөн 65 спортчу катышты.

Балбандар үч салмак категориясында күч сынашты. 100 кгдан жогорку салмакта Кыргызстандын өкүлү Орозбек Алмазбеков атаандаштарын жеңип, чемпион аталды.

Мелдештин жыйынтыгы:

60 кг чейин:

 Ернур Сулейман (Казакстан)

 Гиоргий Инашвили (Грузия)

 Хуршидбек Чориев (Өзбекстан)

 Сердар Бабамурадов (Түркмөнстан)

82 кг чейин:

 Умид Есенов (Өзбекстан)

 Нурдаулет Бактыбайыл (Казакстан)

 Поуриа Шокри (Иран)

 Глеб Голов (Россия)

100 кг жогору:

Орозбек Алмазбеков (Кыргызстан)

 Нурдаулет Жарылгапов (Казакстан)

Бахридин Абдурайымов (Өзбекстан)

Томаш Щепаняк (Польша)

Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунга 100 миң, 2-орунга 80 миң, 3-орунга 60 миң сомдон берилди.

Кыргызстандык Орозбек Алмазбековдун жеңиши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкө куржунуна кезектеги алтын медалды кошту.

Казак күрөшү: Кыргыз балбаны эң оор салмакта чемпион болду Казак күрөшү: Кыргыз балбаны эң оор салмакта чемпион болду Казак күрөшү: Кыргыз балбаны эң оор салмакта чемпион болду Казак күрөшү: Кыргыз балбаны эң оор салмакта чемпион болду Казак күрөшү: Кыргыз балбаны эң оор салмакта чемпион болду Казак күрөшү: Кыргыз балбаны эң оор салмакта чемпион болду Казак күрөшү: Кыргыз балбаны эң оор салмакта чемпион болду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться