VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында армрестлинг боюнча жеңүүчүлөр аныкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында армрестлинг боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Кырчын жайлоосундагы Спорт ордосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында армрестлинг боюнча мелдеш өттү.



Таймашка 18 өлкөдөн келген спортчулар катышып, эркектер жана аялдар арасында ар кандай салмак категорияларында оң жана сол кол күрөшү боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында бир катар кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту.

Аялдар арасында 65 кг чейинки салмакта Россиядан Аделия Макарова сол жана оң кол күрөшүндө тең биринчи орунду ээледи. 65 кгдан жогорку салмакта Казакстандан Малена Сыдыкжан эки категорияда тең чемпион болду.

Эркектер арасында 70 кг салмакта кыргызстандык Булан Жоробеков сол жана оң кол күрөшүндө биринчи орунду алды. 80 кг категориясында сол кол күрөшүндө Казакстандан Данил Устинов, ал эми оң кол күрөшүндө Молдовадан Даниэл Прокопчук жеңишке жетти.

90 кг салмакта эки кол күрөшүндө тең Казакстандын өкүлү Нурдаулет Айдархан биринчи орунду ээледи. Ал эми 90 кгдан жогорку салмакта сол жана оң кол күрөшүндө Казакстандан Медет Куттымұратов чемпион болду.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунга — 50 миң, 2-орунга — 40 миң, 3- жана 4-орундарга 15 миң сомдон берилди.

Кыргызстандык спортчулар бир нече салмак категориясында байгелүү орундарды ээлеп, өлкөнүн намысын татыктуу коргошту.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында армрестлинг боюнча жеңүүчүлөр аныкталды VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында армрестлинг боюнча жеңүүчүлөр аныкталды VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында армрестлинг боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться