Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер

Манас университетинде "Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер” аттуу конгресс болуп өттү.



2016-жылдын 25-29-май күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркиянын Өкмөтүнүн алдындагы “Түрк тили коому” тарабынан “Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер” аттуу эл аралык конгресс КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин эгедерлигинде болуп өттү.

25-май күнү саат 9.30да Манас университетинин Ч.Айтматов кампусунда, Ректорлук имаратынын жыйындар залында конгресстин ачылышы болуп, ага КР Презиндентинин аппаратынын бөлүм башчысы Мира Карыбаева, Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, “Түрк тили коомунун” жетекчиси Мустафа С. Качалин, КР Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Э.Эрматов, ошондой эле республикабыздын айрым ЖОЖдорунун окутуучулары катышты.

“Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер” аттуу эл аралык конгресске Түркия, Россия, Казакстан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн белгилүү түрколог окумуштуулар өз баяндамаларын сунушташты.

Кыргызстанда “Тарых жана маданият жылынын” алкагында өткөрүлүп жаткан бул конгрессте түрк элдери жараткан байыркы түрк мамлекеттери, алар колдонгон алфавит жана жазуу тили, ошол байыркы жазма тилдин эстеликтери, кыргыздардын аларга болгон тиешеси жөнүндө маалыматтар айтылды.

Конгресстин ачылышында университеттин ректору, професор Себахаттин Балжы: “Буга чейин биздин тарыхыбызды ар ким өз билгениндей бурмалап жазып келишкен, азыр байыркы тарыхыбызды, тилибизди, маданиятыбызды билүүгө мезгил келип жетти. Андыктан кийинки муундарыбызга тарыхыбызды туура жеткирели. Биздин бай тарыхыбыз көп тармактуу изилдөөнү талап кылат, ошон үчүн окумуштуулар бирдикте изилдөөнү сүйлөшүү максатын көздөп, бир жерге чогулуп олтурушат”, - деп, конгресстин маанисине токтолду.

Ал эми биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Учурда жаштарыбыздын эски Орхон-Енисей таш жазууларынан жаңы табылгаларды таап, аларды которуп жатышкандыктары бизди кубандырат. Манас университети тарыхчы, окумуштуулар жана окутуучуларыбыз студенттер менен эски түрктөр жашаган жерлерге барып, эскпедициялык иштерди жүргүзүп келип жатышат, биз аларды ар дайым колдойбуз”,  - деп конгресстин ишине ийгилик каалады.

КР Презиндентинин аппаратынын бөлүм башчысы Мира Карыбаева университеттин 20 жылдык мааракеси менен куттуктап, президент А.Атамбаевдин жолдогон катын иш-чаранын катышуучуларына кайрылып окуп, андан соң президенттин колдоосу менен улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата жаңы басылып чыккан “Кутадгу Билиг” китебин конгресстин катышуучуларына таратып берди.

“Түрк тили” коомунун башчысы, профессор Мустафа С. Качалин тарыхыбызды кеңири изилдөө үчүн баарыбыз бир жерге чогулуп олтурабыз деп иш-чаранын мааниси жогору деген оюн билдирди.

КРнын Президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы Э.Эрматов түрк дүйнөсү өзгөчө дүйнө экендигин белгилеп, тарыхыбызды, тилибизди, маданиятыбызды изилдебесек болбойт. Түрк дүйнөсүнүн тарыхы бүтүндөй дүйнөлүк тарыхтын башында турат. Байыркы тарыхыбызды изилдеп, кыргыздын жазуулары экенин далилдешибиз керек деди.

25-26-май күндөрү илимий отурумдар өткөрүлүп, 27-28-майда катышуучуларга жана конокторго тарыхый жерлерди кыдыртуу жана Ысык-Көл облусунда эпиграфикалык экспедиция менен конгресс өз ишин жыйынтыктайт.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Загрузка плеера...


Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться