Онлайн шылуундар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Онлайн шылуундар

Онлайн шылуундар жана алардын түрлөрү, алардан сактануу жолдору жөнүндө тема программабыздын өзөгүн түздү



    2024-жылдын 18-декабрь күнү “Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүндө Улуттук Банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору Темирлан Бактыбеков, кибер коопсуздук адиси Халил Ибрахим жана жана психолог Салтанат Кыдыралиева конок болушуп, онлайн шылуундар жана алардын түрлөрү, алардан сактануу жолдору жөнүндө кеп кылышты.

    Конокторубуз, онлайн шылуундардын телефон чалып, код сурап, картадан акчасын которуп алышкандары, шилтеме жөнөтүп жеке маалыматтарын уурдагандар, казино сыяктуу онлайн оюндар жана башка ушул сыяктуу түрлөрү менен тааныштырып өтүштү. Акыркы учурда интернет менен биргеликте мошенниктердин да саны өскөнүн эскертип, алардан сактануу үчүн аккаунттарынын сырсөздөрүн оңой кылып койбошу керектигин, банкка барып, карталарын текшертип туруу керектигин жана эң негизгиси телефондо бардык нерсеге ишенбөө керектигин айтышты. Эгерде картадан акчасын которуп алган кырдаалга туш болсо, тез аларда банк кызматкерлерине кайрылса, акчасын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

      Сөз соңунда кеңеш катары, эмоцияларын башкара билүү керектигин, акча оңой эле бир шилтеме менен келип калбашын, кандай учур болсо да инсандар өздөрүнө сак болуусун айтып кетишти.

Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз

Жазган: Айтумар Ибраимова


Загрузка плеера...


Онлайн шылуундар Онлайн шылуундар Онлайн шылуундар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться