Сасык тумоо, астма, менингит... Сезондук ооруларды алдын алуу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Сасык тумоо, астма, менингит... Сезондук ооруларды алдын алуу

Чилденин түшүшү менен сасык тумоо, астма, менингит сыяктуу сезондук бир катар ооруларга чалдыгуу ыктымалдуулугу жогорулайт. Кандай гана оору болбосун, аны дарылоого караганда, алдын алуу алда канча оңой жана капчыгыңызга пайдалуу.



Ооруп калууну алдын алышыбыз үчүн эмне кылышыбыз керек?

 

1. Иммунитетиңиз начар болсо, тез эле ооруп калуу коркунучу бар. Андыктан спорт менен достошуп, денеңизди чыңдаңыз.

2. Кыш мезгилинде көбүнчө витаминдерге жана белокторго бай азыктарга көңүл бөлүңүз. Мисалы, балык, жаңгак, жумуртка, жашылча-жемиштер ж.б. 

3. Нормадагы уйку иммундук системаңызды бекемдейт. Уктоо тартибине маани бериңиз.

4. Аба ырайы жакшы болсо да, ар дайым жаныңызда кол кап, моюн орогуч болсун. 

5. Ысык суусундуктарды бат-баттан ичип туруңүз.
Мөмө-жемиш чайлары, кофе жана албетте буркураган ысык шорпо.

6. Досторуңуз менен жолугушууда ыңгайлуу жайларды тандаңыз.
Албетте, кар алдында сейилдөө же көчөдө отуруу романтикага бай болорун билебиз, бирок бул күндөрү ден соолук үчүн өтө кооптуу. 

7. Кар жаап, жолдор тайгалак болгон бул аба ырайында көчөдө жүргөндө колуңузду чөнтөгүңүзгө салбаңыз. Мүмкүн болгон тайгаланып жыгылуу коркунучунда, жардамчыңыз болот. 

8. Эгерде сиз коомдук транспортто жүрсөңүз, сырттан кандайдыр бир оору жукпашы үчүн сөзсүз түрдө антисептикалык каражаттарды колдонуп туруңуз. 

9. Зарылчылыгы болбогон учурда, узак жолдорго чыкпаңыз.

10. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирген билдирүүлөрүнө кулак салып туруңуз. 

 

Бул маалыматтарды жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз.

Баса, жылуу кийинип жүрүңүз!

 

Жазган: Элдияр Асылбеков


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться