«Копиталдык оңдоп-түзөө чоң жаңыланууларды киргизди-деп билдирет тарых музейинин директору Гулбара Абдыкалыковна Манас радиосуна берген маегинде.
Андан тышкары өз сөзүндө Гулбара Абдыкалыковна Манас музейи менен түзүлгөн келишимдери, региондук көрсөтүлгөн усул- жардамдарын,көргөзмөгө келген кардарлардын адеп-ахлагына токтолуп,жана 5 жылдык тыныгуу ичинде жасалган реконструкциялар тууралуу сөз козгоду. Муну менен катар көрүүчүлөгө атайын музейдин талаптарына ылайык тартипти сактоонуу талап кылынаарын айтып өттү.
2021-жылдын 20-ноябрында кайрадан ачылган музей заманбап мультимедиалык жабдуулар менен жабдылып, көргөзмө аянтчасы кеңейтилген.
Музейдин кызматкери Жанона Шамшиеванын билдирүүсүндө көрүүчүлөр таш доорунан тарта 20-кылымга дейре үрп-адаттарга ,кагандарга жана баалуу буюмдарга күбө болуп,кеңири маалымат ала алышат.
Кошумчалай кетсек Улуттук тарых музейи 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи катара М.Б.Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө негизделген.Уюштуруучусу жана алгачкы директору-этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.
Жазган: Нажмидинова Гүлзаада