Министр Бейшеналиев достук ооруканасынын жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Министр Бейшеналиев достук ооруканасынын жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды



Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын жаңы жетекчилерин эмгек жамаатка тааныштырды.

Оорукананын жаңы башкы дарыгери болуп жүрөк-кан тамыр хирургиясынын адиси, профессор Мете Хыдыроглу дайындалса, анын орун басары милдетине Осмонали Масалиев дайындалды.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев жаңы жетекчилерди куттуктап, кыргыз эли көптөн күткөн оорукананын ачылышы бир топ бейтаптардын айыгышына жол ачарын айтты.

"Мен Түркияда көп болгом. Операцияларга да катышкам. Эми бул достук ооруканасынын жардамы менен кээ-бир операцияларды сыртка чыгууга мажбур болбостон, өлкөбүздө кыла алабыз деп ишенем. Андан тышкары, Кыргызстандын булуң-бурчунан адистерди чакырып, алардын билимин жогорулатуу үчүн түрдүү иш-чараларды да уюштурабыз деген ниеттемин."

Түркия тарабынан жаңы дайындалган башкы дарыгер, проф. Мете Хыдыроглунун айтымында, бул оорукана акча табуу максатында эмес, элге медициналык жактан кызмат көрсөтүү максатында ачылган.

"Достук ооруканасына кызматка келгенибиз үчүн кубанычтабыз. Бул жактагы саламаттыкты сактоо системасындагы кээ бир жагдайлардан улам, жетиштүү дарыланууга же мүмкүнчүлүккө ээ болбогон бейтаптарды дарылап, боордош өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Сапаттуу медициналык көмөк көрсөтүүдөн тышкары тажрыйба алмашууларды да ишке ашырабыз."

Башкы дарыгердин орун басары Осмонали Масалиев ооруканын 21-кылымдан бардык шарттарына жооп бере турганын баса белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду:

"Буга чейин эки өлкө ортосунда көптөгөн долбоорлор ишке ашырылган, ал эми Кыргыз-Түрк достук ооруканасы алардын эң негизгилеринин бири. Бейтапка ооруканага киргенден тарта анализ тапшыруу, операция жасоо, дарылоо ж.б.у.с. бардык процедуралар 21-кылымдын талабына ылайык көрсөтүлөт жана ал нерсени биз практика жүзүндө көрө алабыз."

Жыйындын соңунда министр Алымкадыр Бейшеналиев жалпы эмгек жамаатка ийгилик каалады.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасы Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) тарабынан Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында болжол менен 12 миң чарчы метр аянтка курулган.


Загрузка плеера...


Министр Бейшеналиев достук ооруканасынын жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды Министр Бейшеналиев достук ооруканасынын жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды Министр Бейшеналиев достук ооруканасынын жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды Министр Бейшеналиев достук ооруканасынын жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды Министр Бейшеналиев достук ооруканасынын жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться