Элчи Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары тууралуу дарс окуду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Элчи Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары тууралуу дарс окуду



2021-жылдын 25-октябрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев КТМУнун студенттери менен жолугушуп, “Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары” деген темада дарс окуду.

Иш-чарага КТМУнун жетекчилери, эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулар катышты.

Жолугушууда элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Түркия мамлекети менен Кыргызстандын ортосундагы алгачкы байланышуу жылдарынан тартып, бүгүнкү күнгѳ чейинки маданий, билим берүү жана экономикалык карым-катнаштары тууралуу кеңири маалымат берди.

Ал: “Кыргыздар менен түрктөр тарыхы, дини, маданияты жана тили бир тууган элдер. Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын алгачкы болуп тааныган. Андан бери эки өлкө ортосундагы мамиле бардык тармактарда ырааттуу өнүгүүдө. Кыргызстан менен Түркия ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1991-жылдын 24-декабрында түзүлгөн. Эки өлкө 30 жыл ичинде экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жана билим берүү жаатында бир топ ийгиликтерди багындырды. Бүгүнкү күндѳ агартуу жаатында эң чоң ѳрнѳктүү доолбор болуп Кыргыз-Түрк “Манас” университети эсептелет”, - деди.

Жолугушуунун аягында студенттер элчиге ѳздѳрүнүн кызыккан суроолорун беришти жана университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев элчи Кубанычбек Ѳмүралиевге ыраазычылык билдирип, университеттин атынан белек тапшырды. 

MEDIAMANAS

 


Загрузка плеера...


Элчи Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары тууралуу дарс окуду Элчи Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары тууралуу дарс окуду Элчи Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары тууралуу дарс окуду Элчи Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары тууралуу дарс окуду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться